Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9-январы № 1-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. 1992-жылдын 8-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода өкүлчүлүк-төрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуупротоколдун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трине бул протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүукугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарымукук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-январындагы № 1-б буйругу менен жактырылган 1992-жылдын 8-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары "Тараптар" деп аталышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Россия Федерациясынын Өкмөтү, мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кењейтүүмаксатында, 1992-жылдын 8-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода өкүлчүлүктөрүнөз ара түзүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары -Макулдашуу) толуктоолор-ду киргизүү зарылчылыгын эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1992-жылдын 8-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода өкүлчүлүктөрүнөз ара түзүү жөнүндө макулдашууга төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 1-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктал-сын: "Тараптар өз ара макулдашуу боюнча жайгашкан мамлекеттин башкашаарларында соода өкүлчүлүктөрүнүн бөлүмдөрүн ача алышат". 2. 6-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктал-сын: "Бул Макулдашуу мөөнөтсүз убакытка түзүлөт. Тараптардын ар бириМакулдашуунун аракеттенүү мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кечиктир-бестен анын аракеттенишин токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдараркылуу жазуу жүзүндө билдирүү менен Макулдашуунун жарактуулугун токто-то алат.". 2-статья. Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Протокол-дун жарактуулугу Макулдашуунун жарактуулугу токтотулушу менен бир убак-та токтотулат. ________________ шаарында 2008-жылдын "____________"______________ар бири кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү жана эки тексттењ бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкканучурда орус тилиндеги текст пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн