Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 12-январы № 9-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен Венгрияпатент ведомствосунун ортосундагы Интеллектуалдык менчик тармагындакызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгүоњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берил-син. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен Венгрия патент ведомствосунун ортосундагы Интеллектулдык менчик тармагындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик патент кызматы менен Венгрия патент ведомствосу, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди эске алуу менен, эларалык стандарттар боюнча интеллектуалдык менчикке укуктарды натыйжалуукоргоону камсыз кылуу үчүн Тараптардын ортосундагы өз ара пайдалуу бай-ланыштарды өнүктүрүү менен, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнүү жана кењиримасштабда интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо тутумун пайдалануу-чулардын кызыкчылыктарын сактоого умтулуу менен, мындай кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн зарыл шарт болуп интеллекту-алдык менчикке укуктарды натыйжалуу жана адекваттуу коргоо эсептелээринтаануу менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Бул Макулдашуунун максаты болуп Тараптардын ортосунда интеллекту-алдык менчик тармагындагы кызматташтык эсептелет. Тараптар интеллектуалдык менчик тармагында мыйзамдардагы өзгөрүү-лөр, ошондой эле алардын ведомстволорундагы уюштуруучулук өзгөрүүлөржөнүндө бири-бирине маалымдап турушат. 2-статья Тараптар ушул Макулдашууга жана алар катышуучу болуп эсептелгенбашка эл аралык келишимдерге ылайык өз-ара пайда табуунун жана тењукуктуулуктун негизинде интеллектуалдык менчикти коргоо тармагында кыз-матташтыкты жүзөгө ашырышат жана өнүктүрүшөт. Тараптардын кызматташтыгы төмөндөгүлөргө багытталат: - интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоого жанапайдаланууга байланышкан маселелерди талкуулоо; - маалыматтарды, ченемдик жана башка документтерди, ошондой элеинтеллектуалдык менчикти коргоо тармагында тажрыйба жана адистерди ал-машуу; - адистердин жана эксперттердин биргелешкен стажировкаларын уюшту-руу; - биргелешкен конференцияларды, семинарларды жана жумушчу жолугу-шууларды уюштуруу; - колдонулуудагы милдеттенмелерге зыян келтирбестен Патенттик коо-перация жөнүндө келишим (РСТ) тармагындагы ишмердүүлүккө өзгөчө көњүлбуруу менен Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун (ИМДУ) алкагындакызматташтыкты жүзөгө ашыруу, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ)алкагында кызматташуу; - интеллектуалдык менчик тармагында ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүсунуштоо (анын ичинде Тараптардын суроо-талаптары менен патент жана то-вардык белгилер боюнча издөө жүргүзүү); - кызматташуунун өз ара макулдашылган башка формалары. 3-статья Тараптардын ар бири ушул Макулдашууга ылайык аткарылуучу ишмердүү-лүк боюнча бардык чыгымдарды төлөйт. 4-статья Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга бул Ма-кулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө протоколдор түрүн-дө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 5-статья Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлганкүндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптардын бири тиешелүү мөөнөттүн бүтөөрүнө 3 ай калгангачейин экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндө өзү-нүн ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе анын аракети кийинки беш жылдыкмөөнөттөргө өзүнөн өзү узартылат. _________________ шаарында 2008-жылдын "____" ________ ар бири экитүп нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү жана бардыктексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчыпикирлер пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчи-ликке алышат. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ВЕНГРИЯ ПАТЕНТ МАМЛЕКЕТТИК ПАТЕНТ ВЕДОМСТВОСУ ҮЧҮН КЫЗМАТЫ ҮЧҮН Директор Президент Надырбек Турганбаев доктор Бендзел Миклош