Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-январы № 10-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасына мамлекеттик кары-зын реструктуралаштыруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасына мамлекеттик ка-рызын реструктуралаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененӨзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагыМакулдашууга Протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Темирбе-ков Медер Абыкайыровичке жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун долбоорунапринциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүукугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасына мамлекеттик карызын реструктуралаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагы Макулдашууга ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасына мамлекеттик кары-зын реструктуралаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өз-бекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагыМакулдашуунун (мындан ары - 2003-жылдын 2-июлундагы Макулдашуу)11-статьясын жетекчиликке алып, Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кары-зын экинчи ирет реструктуралаштыруу маселеси боюнча Ташкент шаарында2007-жылдын 12-сентябрында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тарап-тар жетишкен келишимди көњүлгө алуу менен, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү жа-на чыњдоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар 1996-жылдын 28-сентябрындагы 1992-жыл үчүн карыздык мил-деттенмелерди жана талаптарды жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү, Улуттук банкы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, Бор-бордук банкынын ортосундагы макулдашууга ылайык Өзбекстан Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан берилген, 2003-жылдын 2-июлундагы Макулдашуугаылайык реструктуралаштырылган мамлекеттик кредит боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын карызын мөөнөтүнөн мурда төлөө жолу менен экинчи ирет рест-руктуралаштырууну жүргүзүлөт. 2-статья 1. 2003-жылдын 2-июлундагы Макулдашууга ылайык мамлекеттик кредитбоюнча Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын негизги карызыушул Протоколго кол коюу күнүнө карата 8581012,35 АКШ долларын (сегизмиллион беш жүз сексен бир мињ он эки АКШ доллары, отуз беш цент) тү-зөт, ал төмөнкүдөй тартипте процент эсептелбестен эки жылдын ичинде(2008-2009-жж.) үч жолку бирдей төлөмдөр менен Кыргыз Республикасы та-рабынан төлөнөт: а) 2 860 337,45 АКШ доллары суммасындагы биринчи төлөм - 2008-жыл-дын 5-мартында; б) 2 860337,45 АКШ доллары суммасындагы экинчи төлөм - 2008-жылдын5-сентябрында; в) 2 860337,45 АКШ доллары суммасындагы үчүнчү төлөм - 2009-жылдын5-мартында. 2. 2003-жылдын 2-июлундагы Макулдашууга ылайык 2004-жылдын 6-де-кабрынан тартып 2007-жылдын 6-декабрына чейинки мезгил үчүн эсептелген1666250,88 АКШ доллары суммасындагы проценттер жана 2005-жылдын 6-июну-нан тартып 2007-жылдын 6-декабрына чейинки мезгил үчүн мөөнөтү өткөнкарызга эсептелген 307751,32 АКШ доллары суммасындагы проценттер ушулстатьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн карыздын негизги суммасын толугу ме-нен жана өз убагында төлөгөн шартта эсептен чыгарылат. 3. 8581012,35 АКШ доллары өлчөмүндөгү карыздын негизги суммасы өзубагында жана толугу менен төлөнбөсө, ушул статьянын 2-пунктунда көрсө-түлгөн сумма эсептен чыгарылбайт жана 2009-жылдын 5-мартынан кечикти-рилбестен бир жолу толугу менен төлөнөт. 3-статья 1. Ушул Протоколдун 2-статьясында көрсөтүлгөн карыздын негизгисуммасын жана проценттерин жоюуда ар кандай төлөм тиешелүү мөөнөттөжүргүзүлбөсө, бул карыз убагы өткөн деп саналат жана ага мөөнөтү өткөнкарыз пайда болгон күндөн тартып карыздын ушул бөлүгү толук төлөнмөйүн-чө жылдык 6 (алты) процент ставкасы боюнча айып проценттери эсептелет. 2. Мөөнөтү өткөн карызга проценттер 365/366 - күндүк жылда бүткөнкүндөрдүн иш жүзүндөгү санынын негизинде эсептелет. 3. Ушул Протокол боюнча Кыргыз Тарап жүргүзгөн ар кандай төлөмдөрӨзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин атка-рууга төмөнкүдөй ырааттуулукта төмөнкүлөрдү жоюуга жумшалат: - эсептелген айып проценттерин; - проценттерди; - негизги карызды. 4. Бардык төлөмдөр АКШ доллары менен жүргүзүлүүгө тийиш. 4-статья Тараптар Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын ушул Про-токолдо көрсөтүлгөн мамлекеттик карызын тейлөөдө Кыргыз Республикасынаныйгарым укуктуу банк катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жанаӨзбекстан Республикасынан ыйгарым укуктуу банк катары Өзбекстан Респуб-ликасынын Борбордук банкы чыга тургандыгына макулдашты. 5-статья 1. Бул Протокол 2003-жылдын 2-июлундагы Макулдашуунун ажырагыс бө-лүгү болуп саналат. 2. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга байланыш-туу бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуучечилет. 3. Бул Протокол Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы билдирүүнү ал-ган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Тарап ушул Протоколдо карал-ган өзүнүн милдеттенмелерин толук аткарган күнгө чейин колдонулат. 4. Тараптар бул Протоколду күчүнө киргенге чейин ага кол коюлганкүндөн тартып убактылуу колдонушат. __________________ шаарында 2008-жылдын "____" ___________________эки түп нускада орус тилинде ар бир Тарап үчүн бирден нускада түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн