Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-январы № 14-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адам укугун жана эркиндигин кам-
сыздоо жагындагы ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган механизмдерди иш-
теп чыгуу максатында:
1. Адам укугун коргоо жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын
өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомс-
тволор аралык жумушчу топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу
топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) орун басары, жу-
мушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандардын кайрылуу-
лары жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн мониторингдөө жа-
на адам укуктарын коргоо секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин
юридика бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жарандардын жана жа-
шы жетелектердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоону көзөмөлдөө боюн-
ча башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан юристтеринин ассоциациясы" коомдук бирикмесинин өкүлү
(макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2008-жылдын 1-февралына чейинки
мөөнөттө Адам укугун коргоо жагында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын
өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жөнүндө жобону иштеп
чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ведомстволор аралык жумушчу топ жеке жана юридикалык жактардын,
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын адам укугун жана эркиндигин коргоо жагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү
боюнча кайрылууларын карайт;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги камсыздайт.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине зарыл учурда
мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн кайрылуунун мүнөзүнө жараша белгилен-
ген тартипте ишке тартууга, ошондой эле министрликтерден, мамлекеттик
комитеттерден, администрациялык ведомстволордон жана аткаруу бийлигинин
башка органдарынан маалымат суроого жана расмий корутунду алууга укук
берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери
ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердигине көмөк көрсөтүшсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов