Редакцияот 22.01.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-январы № 21-б                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      Аскердик маанидеги  продукция чыгарууга катышкан ишканалардын уюм-дардын адистешүүсүн өнүктүрүү жана сактоо максатында, Россия Федерация-сы менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында:     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмө-түнүн ортосундагы Аскердик маанидеги продукция чыгарууга катышкан ишка-налардын жана  уюмдардын адистешүүсүн сактоо жөнүндө макулдашуунун тир-келген долбоору жактырылсын.     2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрине  жогоруда  аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйга-рым укук берилсин.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов                                                                      Долбоор                   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен               Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы               Аскердик арналыштагы продукция чыгарууга                 катышкан ишканалардын жана уюмдардын              адистешүүсүн өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө                              МАКУЛДАШУУ      Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Россия Федерациясынын Өкмөтү калыптанган өндүрүштүк жана илимий-тех-никалык кооперациянын  базасында  аскердик  арналыштагы продукция жасоотармагындагы кызматташтыкты  сактоо  жана  өнүктүрүү  зарылдыгын моюнгаалышып, Тараптардын  мамлекеттеринин өнөр жайдын коргонуу тармактарынынинтеграциясын узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулуу-га таянышып,  1992-жылдын  15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндөкелишимдин жана  1993-жылдын  24-сентябрындагы  Экономикалык союз түзүүжөнүндө келишимдин, 2000-жылдын 10-октябрындагы Евразиялык экономикалыкшериктештик түзүү жөнүндө келишимдин жоболорун эске алышып, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү  менен  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы1994-жылдын 18-январындагы Өнөр жайдын коргонуу тармактарындагы ишкана-лардын өндүрүштүк  жана илимий-техникалык кооперациясы жөнүндө макулда-шууну өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:       1-статья.      Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин куралдарды жана аскердик тех-никаны иштеп чыгууга, жасоого жана сыноого катышуучу ишканаларынын жанауюмдарынын калыптанган өндүрүштүк жана илимий-техникалык адистешүүлөрүнсактоого,  аскердик арналыштагы кызматтарды көрсөтүүгө жана ал үчүн ке-ректүү материалдарды, чала фабрикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, оку-улук жана көмөкчү мүлктү ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсеп-телүүчү № 1, № 2 жана № 3 тиркемелерге ылайык берүүгө көмөктөшүшөт.     Бул Макулдашууну  ишке ашырууга байланыштуу иш-чараларды аткаруунуТараптар төмөнкү ыйгарым укуктуу органдарга тапшырышат:     Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жанаотун ресурстары министрлигине;     Россия тараптан  -  Россия Федерациясынын Өнөр жай жана энергетикаминистрлигине жана Россия Федерациясынын  Өнөр  жай  боюнча  федералдыкагенттигине.     Ыйгарым укуктуу органдардын расмий аталышы өзгөргөн же алмаштырыл-ган учурда Тараптар ал жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркы-луу дароо кабарлашат.      2-статья.      Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1,  №  2тиркемелеринде көрсөтүлгөн ишканаларынын жана уюмдарынын уюштуруу-укук-тук формалары жана менчигинин формасы өзгөрүү  мүмкүндүгүнө  карабастаналардын  адистешүүсү ушул Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү ичинде сак-талышына көмөк көрсөтүшөт.      3-статья.      Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1, № 2 тиркемеле-ринде көрсөтүлгөн ишканалары жана уюмдары чыгаруучу аскердик арналышта-гы продукцияны өндүрүштөн алып салуунун тартибин жана мөөнөтүн  аныктооТараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын ый-гарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча ишке ашырылат.      4-статья.      Аскердик арналыштагы продукция чыгаруу үчүн керектүү  материалдар-ды,  чала фабрикаттарды,  комплекттөөчү буюмдарды, окуулук жана көмөкчүмүлктү берүү, технологиялык жана илимий-техникалык мүнөздөгү кызматтар-ды  көрсөтүү  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 18-январындагы Өнөр  жайдын  коргонуутармактарындагы ишканалардын өндүрүштүк жана илимий-техникалык коопера-циясы жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптардын мамлекеттеринин  чарбакерсубъекттери тарабынан түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизиндеишке ашырылат.      5-статья.      Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тирке-мелеринде көрсөтүлгөн  ишканаларынын  жана уюмдарынын ушул тиркемелердекаралган аскердик арналыштагы продукцияны биргелешип иштеп чыгууга жанажасоого катышуусу  жөнүндө  чечим  Тараптардын  мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынат.       6-статья.      Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Россия Федераци-ясынын Коргоо  министрлигинин Тараптардын мамлекеттеринин коргонуу-өнөржай комплексинин ишканаларында жана уюмдарында аракеттенүүчү өкүлчүлүк-төрү ал  ишканаларда  жана уюмдарда берилүүчү аскердик арналыштагы про-дукцияны келишимдик негизде белгиленген тартипте кабыл алышат.       7-статья.      Тараптар ушул  Макулдашуунун алкагында алынган материалдарды, чалафабрикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, документтерди жана маалыматтар-ды берүүчү Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу болмоюнча үчүн-чү тарапка,  анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга жанаэл аралык уюмдарга сатышпайт же беришпейт.       8-статья.      Тараптар аскердик  арналыштагы продукцияны иштеп чыгууга, өндүрүү-гө, сыноого  жана  сервистик коштоого, аскердик арналыштагы кызматтардыкөрсөтүүгө тиешелүү  маселелер  боюнча маалыматтарды биргелешкен жумуш-тарды аткаруу үчүн зарыл көлөмдө, өз мамлекетинин мыйзамдарына, ошондойэле Тараптардын  мамлекеттери  катышуучу  болгон эл аралык келишимдергеылайык алмашышат.       9-статья.      Тараптар бири бирине беришкен же ушул Макулдашуунун алкагында кыз-матташуу процессинде  жаратылган  интеллектуалдык эмгектин натыйжаларынпайдалануунун жана  коргоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Россия  Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2005-жылдын 5-сентябрын-дагы эки  тараптуу  аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө интел-лектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктарына ка-рата укуктарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.       10-статья.      Зарыл болсо  Тараптардын  өз  ара макулдугу менен бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бө-лүгү болуучу  өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуу-нун 12-статьясында белгиленген тартипте күчүнө кирет.       11-статья.      Бул Макулдашуунун  жоболорун  чечмелөөдө же колдонууда талаштар жекайчы пикирлер пайда болсо Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары алардыконсультация жана сүйлөшүү жолу менен чечишет.     Эгер Тараптардын  ыйгарым  укуктуу  органдары  талаштарды  жайгараалышпаса, алар  Тараптардын  ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүү-лөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.       12-статья.      Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тирке-мелеринде көрсөтүлгөн  ишканаларынын жана уюмдарынын ортосунда аскердикарналыштагы продукцияны  чыгаруу үчүн керектүү материалдарды, чала фаб-рикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды, окуулук жана көмөкчү мүлктү өз араберишүүгө байланыштуу чыгышы мүмкүн болгон талаш маселелердин баары Та-раптардын мамлекеттеринин  чарбакер  субъекттери  түзүшкөн келишимдерде(контракттарда) каралган шарттарда чечилет.       13-статья.      Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жанаТараптар анын  күчүнө  кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жобо-лорду аткарышканы  жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күн-дөн тартып күчүнө кирет.     Бул Макулдашуу беш жыл бою жарактуу болот жана эгер Тараптардын эчбири анын  жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка тийиштүүмезгил бүтөөрдөн  алты айдан кеч эмес жазуу жүзүндө кабарлабаса кийинкибеш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет.     Эгер Тараптар  башкача макулдашпаса, бул Макулдашуунун жарактуулу-гунун токтотулушу Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттери ушулМакулдашуу жарактуу  кезде  кол  коюшкан келишимдерине (контракттарына)жараша кабыл алышкан милдеттенмелерине таасир этпейт.      200__-жылдын "____" ________ _____________ шаарында ар бири кыргызжана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана эки текст тењ  бир-дей күчкө ээ.      Кыргыз Республикасынын                       Россия Федерациясынын     Өкмөтү үчүн                                  Өкмөтү үчүн