Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-февралы № 31-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Египет Араб РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташтыкты андан ары терењ-детүү жана өнүктүрүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Египет Араб РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө ме-морандумдун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрине атал-ган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Египет Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Египет Араб Республикасынын Өкмөтү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты терењдетүү жана күчөтүү зарыл экен-дигин таанышып, эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды чыњдоодомаданий кызматташтыктын маанилүү экендигин эске алуу менен, эки өлкөнүн элдеринин ортосуњдагы маданий байланыштарды кењейтүүнүкаалашып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар тењдиктин жана өз ара алаканын негизинде, Тараптардынмамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык укуктун нормаларынэске алуу менен эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосунда маданияттармагындагы алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарт-тарды түзүшөт. 2-статья. Тараптар эки өлкөдөгү маданий турмуш жана эл аралык окуялар жөнүн-дө маалымат алмашууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. 3-статья. Тараптар басылмаларды жана эксперттерди алмашуу жолу менен эки өл-көнүн улуттук китепканалары жана музейлери арасында кызматташууну жүр-гүзүшөт. 4-статья. Тараптар археология, тарыхый-маданий мурас эстеликтерди жана объ-ектилерди коруу жана сактоо, изилдөө жана реставрациялоо тармагындакызматташат, тиешелүү тармактар боюнча китептерди жана эксперттерди ал-машып турууга шарт түзүшөт. 5-статья. Тараптар опера жана балет, музыка жана театр чөйрөсүндө кызматта-шууну өнүктүрүүгө шарт түзүшөт, артисттерди жана коюлчу спектаклдердиөз ара алмашууну колдошот. 6-статья. Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык китептер-ди, мезгилдүү басылмаларды, маданият жана искусство боюнча башка жарыя-лоолорду алмашуу аркылуу кызматташтыктын ар кандай формаларына шарттүзүп, колдоого алышат, ошондой эле эки өлкөдө тењ уюштурулган эл ара-лык китеп жармањкелерине өз ара катышууга шарт түзүшөт. 7-статья. Тараптар көркөм жана колдонмо искусство тармагында, ошондой элесалттуу жана элдик искусство боюнча көргөзмөлөрдү алмашууну ишке ашырыптурууга шарт түзүшөт. 8-статья. Тараптар кинематография тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, экиөлкөдө өткөрүлчү кинофестивалдарда фильмдерди жана делегацияларды алма-шып турууга шарт түзүшөт. 9-статья. Тараптар ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын ишмердигинин ал-кагында маданий тармакта кызматташууну ишке ашырышат. 10-статья. Тараптар бул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу үчүн өзүнчө масе-лелер боюнча кошумча макулдашууларды түзө алышат. Маданий алмашууларды өткөрүүгө кеткен чыгымдар Тараптардын орто-сундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 11-статья. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Меморандумга ушул Мемо-рандумдун ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделчүжана ушул Меморандумдун 12-статьясында каралган тартипте күчүнө кирүүчүөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 12-статья. Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Меморандум 5 жыл мөөнөткө түзүлдү жана Тараптардын эч биритийиштүү мезгил бүтөөрдөн алты ай мурда ушул Меморандумдун жарактуулу-гун токтотуу жөнүндө ниетин берки Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе,кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет. Бул Меморандумдун жарактуулугу токтотулушу ушул Меморандумдун не-гизинде түзүлүп жана ишке ашырылып жаткан программалардын жана долбоор-лордун ишке ашырылышына тиешеси болбойт. 2008-жылдын "__________" ________________ шаарында кыргыз, орус,араб жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык текс-ттер бирдей күчкө ээ. Бул Меморандумду чечмелөөдө кайчы пикирлер болсо орус тилиндегитекст негиз катары алынат. Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн