Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-сентябры № 507-б
Улгайган курактагы жарандардын проблемаларына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында:
1. Кайрымдуулук жана улгайган курактагы жарандар жөнүндө кам көрүү айлыгын жана Улгайган адамдардын эл аралык күнүн өткөрүү боюнча тиркелген Иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары бекитилген Иш-чаралар планына ылайык 2009-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин Кайрымдуулук жана улгайган курактагы жарандар жөнүндө кам көрүү айлыгынын жана Улгайган адамдардын эл аралык күнүнүн алкагында иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылышсын.
3. Юридикалык жана жеке жактарга, бизнес-жамааттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишин жүргүзүүчү уюмдарга Кайрымдуулук жана улгайган курактагы жарандар жөнүндө кам көрүү айлыгын жана Улгайган адамдардын эл аралык күнүн өткөрүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына, облустук телерадио компанияларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына облустарда жана Бишкек жана Ош шаарларында Кайрымдуулук жана улгайган курактагы жарандар жөнүндө кам көрүү айлыгын жана Улгайган адамдардын эл аралык күнүн өткөрүүнү чагылдырууну уюштуруу сунушталсын.
5. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары 2009-жылдын 20-октябрына чейин Кайрымдуулук жана улгайган курактагы жарандар жөнүндө кам көрүү айлыгынын жана Улгайган адамдардын эл аралык күнүнүн алкагында аткарылган иштер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2009-жылдын 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпыланган маалыматты берсин.
7. Бул буйрук жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 507-б буйругу менен бекитилген |
┌──┬─────────────────────────────────┬───────────┬────────────────────┐
│№ │ Иш-чаралар │ Аткаруу │ Аткаруучулар │
│ │ │ мөөнөтү │ │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│1 │Улуу Ата Мекендик согуштун │2009-жылдын│Аткаруу бийлигинин │
│ │майыптарына жана катышуучуларына,│15-сентяб- │мамлекеттик │
│ │ооруктун эмгекчилерине, │рынан │органдары, │
│ │пенсионерлерге, жалгыз бой │15-октяб- │жергиликтүү │
│ │кары-картаң жарандарга, │рына чейин │өз алдынча башкаруу │
│ │майыптарга, ошондой эле │ │органдары, коомдук │
│ │кары-картаңдар жана майыптар үчүн│ │уюмдар │
│ │интернат үйлөрдө жашаган │ │ │
│ │адамдарга зарыл болгон даректүү │ │ │
│ │колдоо көрсөтүү │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│2 │Улгайган адамдар үчүн "Ачык эшик │2009-жылдын│Аткаруу бийлигинин │
│ │күнүн" өткөрүү │1-октябры │мамлекеттик │
│ │ │ │органдары, │
│ │ │ │жергиликтүү │
│ │ │ │өз алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары, коомдук │
│ │ │ │уюмдар │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│3 │Улгайган жарандарды куттуктоо │2009-жылдын│Аткаруу бийлигинин │
│ │(открыткалар жана башка │15-сентяб- │мамлекеттик │
│ │белектер). Активдүү улгайган │рынан │органдары, │
│ │адамдарды сыйлоо │15-октяб- │жергиликтүү │
│ │ │рына чейин │өз алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары, коомдук │
│ │ │ │уюмдар │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│4 │Төмөнкүдөй адамдарды эстелик │2009-жылдын│Аткаруу бийлигинин │
│ │белектерин тапшыруу менен │15-сентяб- │мамлекеттик │
│ │куттуктоо: │рынан │органдары, │
│ │- 60 жана андан көп жыл бирге │15-октяб- │жергиликтүү │
│ │жашаган жубайларды; │рына чейин │өз алдынча башкаруу │
│ │- узак жашаган (95 жаштан ашык │ │органдары, коомдук │
│ │жашаган улгайган курактагы │ │уюмдар │
│ │адамдарды) │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│5 │Майрамдык куттуктоо, финансылык, │2009-жылдын│Аткаруу бийлигинин │
│ │материалдык жардам көрсөтүү менен│15-сентяб- │мамлекеттик │
│ │кары-картаңдар жана ден │рынан │органдары, │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүктөрү │15-октяб- │жергиликтүү │
│ │чектелген адамдар үчүн интернат │рына чейин │өз алдынча башкаруу │
│ │үйлөрүнө баруу, ошондой эле кыш │ │органдары, коомдук │
│ │мезгилине даярданууда улгайган │ │уюмдар │
│ │адамдарга жардам көрсөтүү үчүн │ │ │
│ │волонтерлордун, жаштардын │ │ │
│ │барууларын уюштуруу │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│6 │"Улгайган курактагы адамдардын │2009-жылдын│Кыргыз │
│ │ден соолугу" айлыгын өткөрүү │15-сентяб- │Республикасынын │
│ │(акысыз медициналык текшерүү, │рынан │Саламаттык сактоо │
│ │медициналык тейлөөлөрдү көрсөтүү)│15-октяб- │министрлиги, коомдук│
│ │ │рына чейин │уюмдар │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│7 │Улгайган адамдарга телефон жана │2009-жылдын│Кыргыз │
│ │уюлдук байланыш аркылуу │15-сентяб- │Республикасынын │
│ │туугандары жана жакындары менен │рынан │Транспорт жана │
│ │алардын баарлашуусу үчүн акысыз │15-октяб- │коммуникациялар │
│ │тейлөөлөрдү көрсөтүү │рына чейин │министрлиги, Улуттук│
│ │ │ │байланыш агенттиги, │
│ │ │ │уюлдук операторлор │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│8 │Акысыз театрларга барууларды жана│2009-жылдын│Кыргыз │
│ │төмөнкүдөй маданий-массалык │15-сентяб- │Республикасынын │
│ │иш-чараларды уюштуруу: │рынан │Маданият жана │
│ │- улгайган адамдарга арналган │15-октяб- │маалымат │
│ │театрдык оюн-зоокторду көрсөтүү │рына чейин │министрлиги, аткаруу│
│ │(театрлар жана маданият үйлөрү); │ │бийлигинин │
│ │- шаар жана айылдардын │ │мамлекеттик │
│ │кинотеатрларында (маданият │ │органдары, │
│ │үйлөрүндө) улгайган адамдар үчүн │ │өз алдынча башкаруу │
│ │фильмдерди акысыз көрсөтүү; │ │органдары, Кыргыз │
│ │- кары-картаңдар жана │ │Республикасынын │
│ │мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар│ │Өкмөтүнө караштуу │
│ │үчүн интернат үйлөрдө жашаган │ │Дене тарбия жана │
│ │улгайган адамдардын │ │спорт, жаштардын │
│ │кинотеатрларга, музейлерге, │ │иштери жана балдарды│
│ │көргөзмөлөргө, циркке баруулары; │ │коргоо боюнча │
│ │- улгайган адамдардын катышуусу │ │мамлекеттик │
│ │менен шахматтык турнир жана │ │агенттик, өз алдынча│
│ │улгайган адамдардын (ашпозчу, │ │башкаруу органдары, │
│ │кулинар, музыкант жана акын) │ │коомдук уюмдар, │
│ │ортосунда конкурстарды өткөрүү │ │бизнес-жамааттар │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│9 │Төмөнкүдөй темаларда │2009-жылдын│Кыргыз │
│ │республиканын жалпы билим берүү │1-октябры │Республикасынын │
│ │мекемелеринин окуучуларынын │ │Билим берүү жана │
│ │ортосунда дилбаяндардын конкурсун│ │илим министрлиги, │
│ │өткөрүү: "Мен чоң эне болгондо" │ │өз алдынча башкаруу │
│ │("Когда я стану бабушкой"), │ │органдары, ЖМК │
│ │"Мен чоң ата болгондо" ("Когда я │ │(макулдашуу боюнча),│
│ │стану дедушкой"), андан ары │ │коомдук уюмдар │
│ │жалпыга маалымдоо каражаттарында │ │ │
│ │(орус жана кыргыз тилдеринде) │ │ │
│ │мыкты дилбаяндарды жарыялоо │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│10│Төмөнкүлөрдү өткөрүү: │2009-жылдын│Кыргыз │
│ │- "Биз кандай гана жаш болгонбуз"│2-октябры │Республикасынын │
│ │("Как молоды мы были") деген │региондор │Маданият жана │
│ │темада фотокөргөзмө; │деңгээлинде│маалымат │
│ │- "Менин сүйүктүү чоң энем жана │2009-жылдын│министрлиги, Кыргыз │
│ │чоң атам" ("Мои любимые бабушка и│10-20-сен- │Республикасынын │
│ │дедушка") деген темага мектепке │тябрында │Билим берүү жана │
│ │чейинки, мектепте жана мектептен │республика-│илим министрлиги, │
│ │сырткары мекемелерде сүрөт │нын │жергиликтүү │
│ │конкурсун өткөрүү, андан ары │деңгээлинде│өз алдынча башкаруу │
│ │мыкты номинанттарды сыйлоо │2009-жылдын│органдары, коомдук │
│ │ │21-28-сен- │уюмдар, │
│ │ │тябрында │бизнес-жамааттар │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│11│Улгайган адамдардын жана кыргыз │2009-жылдын│Жергиликтүү │
│ │эстрадасынын жылдыздарынын │15-сентяб- │өз алдынча башкаруу │
│ │катышуусу менен концерттерди │рынан │органдары, Кыргыз │
│ │өткөрүү │15-октяб- │Республикасынын │
│ │ │рына чейин │Маданият жана │
│ │ │ │маалымат │
│ │ │ │министрлиги, коомдук│
│ │ │ │уюмдар, │
│ │ │ │бизнес-жамааттар │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│12│Спорттук иш-чараларды уюштуруу │2009-жылдын│Кыргыз │
│ │ │15-сентяб- │Республикасынын │
│ │ │рынан │Өкмөтүнө караштуу │
│ │ │15-октяб- │Дене тарбия жана │
│ │ │рына чейин │спорт, жаштардын │
│ │ │ │иштери жана балдарды│
│ │ │ │коргоо боюнча │
│ │ │ │мамлекеттик │
│ │ │ │агенттик, │
│ │ │ │жергиликтүү │
│ │ │ │өз алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары, коомдук │
│ │ │ │уюмдар │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│13│Бизнес-жамааттар менен бирдикте │2009-жылдын│Кыргыз │
│ │арзандатылган баалар боюнча айыл │15-сентяб- │Республикасынын │
│ │чарба продуктуларын жана биринчи │рынан │Айыл, суу чарба жана│
│ │зарылдыктагы товарларды сатуу │15-октяб- │кайра иштетүү өнөр │
│ │боюнча жарманкелерди улгайган │рына чейин │жай министрлиги, │
│ │адамдар үчүн өткөрүү │ │Жергиликтүү │
│ │ │ │өз алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары, коомдук │
│ │ │ │уюмдар, │
│ │ │ │бизнес-жамааттар │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│14│Майрамдык акцияларды өткөрүү │2009-жылдын│Аткаруу бийлигинин │
│ │(улгайган адамдар үчүн түшкү │15-сентяб- │мамлекеттик │
│ │тамак, материалдык жана │рынан │органдары, │
│ │гуманитардык жардам) │15-октяб- │жергиликтүү │
│ │ │рына чейин │өз алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары, коомдук │
│ │ │ │уюмдар, │
│ │ │ │бизнес-жамааттар │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│15│Кайрымдуулук жана улгайган │2009-жылдын│ЖМК (макулдашуу │
│ │курактагы жарандар жөнүндө кам │15-сентяб- │боюнча), аткаруу │
│ │көрүү айлыгынын жана Улгайган │рынан │бийлигинин │
│ │адамдардын эл аралык күнүнүн │15-октяб- │мамлекеттик │
│ │өтүүсүн ЖМКда чагылдыруу │рына чейин │органдары, │
│ │ │ │жергиликтүү │
│ │ │ │өз алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары, коомдук │
│ │ │ │уюмдар, УТРК │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча),│
│ │ │ │облустук │
│ │ │ │телерадиокомпаниялар│
└──┴─────────────────────────────────┴───────────┴────────────────────┘