Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 6-марты № 75-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын жарандарын - 16 жашка жеткен билим берүү
уюмдарынын окуучуларын паспорт менен өз учурунда камсыздоо максатында:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жарандарын - 16 жашка жеткен
билим берүү уюмдарынын окуучуларын паспорт менен камсыздоо боюнча
иш-чаралардын ведомстволор аралык планы бекитилсин.
2. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 6-мартындагы
№ 75-б буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарын - 16 жашка
жеткен билим берүү уюмдарынын окуучуларын
паспорт менен камсыздоо боюнча иш-чаралардын
ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ПЛАНЫ
------------------------------------------------------------------------
| N | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Мөөнөтү |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|1 |Ушул ведомстволор аралык |Билиммин, |2008-жылдын |
| |планды аткарууну |МРТМА, |10-мартына |
| |координациялоо боюнча |ИИМ ПВКП, |чейин |
| |жооптуу адамдарды дайындоо |Кесиптехмамагенттик | |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|2 |Ар бир облус, район жана |ИИМ ПВКП, |2008-жылдын |
| |шаар боюнча жооптуу |Кесиптехмамагенттик, |25-мартына |
| |кызматкерлерди аныктоо |Билиммин |чейин |
| |жана МРТМАга маалымат берүү | | |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|3 |Паспортко муктаж болгон 16 |Билиммин, |2008-жылдын |
| |жашка жеткен билим берүү |ИИМ ПВКП, |1-апрелине |
| |уюмдарынын окуучуларын санын|Кесиптехмамагенттик |чейин |
| |аныктоо | | |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|4 |Билим берүү уюмдарын усулдук|Билиммин, |2008-жылдын |
| |материалдар менен камсыздоо:|МРТМА, |1-апрелине |
| |- паспорт алууга арыздын |ИИМ ПВКП, |чейин |
| | үлгүсү; |Кесиптехмамагенттик | |
| |- мамлекеттик жана расмий | | |
| | тилдерде паспорт алууга | | |
| | арыз толтуруунун тартиби; | | |
| |- паспорт алууга | | |
| | (алмаштырууга) арыздардагы| | |
| | жазууларда эњ көп учуроочу| | |
| | так эместиктер жөнүндө | | |
| | эскертүү | | |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|5 |Төмөнкүлөрдү уюштуруу: |Билиммин, |2008-жылдын |
| |билим берүүнүн облустук, |МРТМА, |15-апрелине |
| |райондук жана шаардык |ИИМ ПВКП, |чейин |
| |башкармалыктарында билим |Кесиптехмамагенттик | |
| |берүү уюмдарынын өкүлдөрүнө | | |
| |паспорт алууга | | |
| |(алмаштырууга) арыздарды | | |
| |толтуруунун тартибин окутуу | | |
| |боюнча семинар өткөрүү; | | |
| |билим берүү уюмдарынын | | |
| |бүтүрүүчүлөрүн паспорт | | |
| |алууга (алмаштырууга) | | |
| |арыздарды толтуруунун | | |
| |тартибин окутуу | | |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|6 |Паспорттордун жана |Билиммин, |2008-жылдын |
| |арыздардын бланкалары үчүн |Кесиптехмамагенттик |март-июну |
| |акы төлөөнү билим берүү | | |
| |уюмдарынын өкүлдөрү | | |
| |тарабынан паспорт | | |
| |алуучулардын өздүк | | |
| |каражаттарынын эсебинен жеке| | |
| |ар бир окуучу (аты жазылган | | |
| |квитанциялар) үчүн которуу | | |
| |жолу менен жүргүзүү | | |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|7 |Паспорт алуу үчүн билим |Соцфонд (макулдашуу |2008-жылдын |
| |берүү уюмдарынын 16 жашка |боюнча), |1-майына |
| |жеткен окуучуларына |Билиммин, |чейин |
| |социалдык коргоо күбөлүгүн |Кесиптехмамагенттик, | |
| |белгиленген тартипте |МРТМА | |
| |берүү (жеке персоналдык | | |
| |номер берүү (ЖПН) | | |
|---|----------------------------|----------------------|--------------|
|8 |Билим берүү уюмдарынын |МРТМА, |2008-жылдын |
| |өкүлдөрү тарабынан ар бир |Билиммин, |15-апрелине |
| |окуучу (аты жазылган |Кесиптехмамагенттик, |чейин |
| |квитанциялар) үчүн |ИИМ ПВКП | |
| |паспорттордун жана | | |
| |арыздардын бланкаларына акы | | |
| |төлөнгөндүгү жөнүндө | | |
| |"Эсептик-сактык компания" | | |
| |ачык акционердик коомунун | | |
| |филиалдарына жана банк | | |
| |мекемелерине маалымдоо | | |
------------------------------------------------------------------------