Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-марты № 89-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык жана
2008-жылдын күзүндө Кыргыз Республикасында Кыргызстандын аймагындагы
уран жана башка абдан уулуу калдыктар бар калдык сактагычтарга байла-
нышкан проблемаларды талкуулоо жана ыктымалдуу экологиялык кырсыктардын
алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгууга карата Жогорку дењгээлдеги эл
аралык форум (мындан ары - Эл аралык форум) даярдалып жатканына жана
өткөрүлөөрүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен
Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын жана Евразиялык экономикалык
шериктештиктин (ЕврАзЭс) Интеграциялык комитетинин Секретариатынын
өкмөттөргө, эл аралык финансылык уюмдарга жана өнүктүрүү агенттиктери-
не, жеке сектордун өкүлдөрүнө, башка уюмдарга Борбордук Азияда радиоак-
тивдүү калдыктар менен булгануу коркунучунун ыктымалдыгы бар экени
жөнүндө 2007-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Биргелешкен кайрылуусун
эске алып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февра-
лындагы N 45 "Кыргыз Республикасында радиоактивдүү жана уулуу калдыктар
бар калдык сактагычтардын жана кен калдыктарынын коопсуздугун камсыздоо
боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Эл аралык форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети
тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эл аралык форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети
(мындан ары - уюштуруу комитети):
- бир айлык мөөнөттүн ичинде Эл аралык форумду даярдоо жана өткө-
рүү боюнча иш-чаралардын планын жана чыгымдардын баштапкы сметасын иш-
теп чыксын жана бекитсин;
- эл аралык уюмдар жана агенттиктер менен Эл аралык форумду уюшту-
рууга жана өткөрүүгө финансылык, эксперттик жана башка зарыл жардам
көрсөтүү маселеси боюнча иш жүргүзсүн;
- конкреттүү калдык сактагычтар боюнча Эл аралык форумга даярдал-
ган аналитикалык, информациялык материалдарды жана бизнес-долбоорлорду
Эл аралык форумдун талкуусуна коюу үчүн карасын;
- зарыл болсо конкреттүү калдык сактагычтар жана башка объекттер
боюнча материалдарды жана инвестициялык долбоорлорду даярдоо үчүн эл
аралык уюмдардын катышуусу менен жумушчу топторду түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эконо-
микалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр
жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик
агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрө-
нү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, облустардын
мамлекеттик администрациялары, Жерди колдонмо изилдөө боюнча Борбордук
Азиялык институт Эл аралык форумдун талкуусуна коюу үчүн аналитикалык,
информациялык материалдардын, бизнес-долбоорлордун тизмеси жөнүндө су-
нушту эки аптанын ичинде Уюштуруу комитетинин кароосуна киргизишсин.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-
дин, администрациялык ведомстволордун, облустардын мамлекеттик админис-
трацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адисте-
рин, зарыл болсо коомдук жана эл аралык уюмдардын, программалардын жана
долбоорлордун эксперттерин аныкталган тартипте ишке тартууга уруксат
берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте Эл аралык форумду даяр-
доо жана өткөрүү үчүн гранттарды жана башка демөөрчүлүк жардамдарды
тартуу менен кошо каржылоо булактарын аныктасын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүк-
түрүү Программасынын жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин (ЕврА-
зЭс) Интеграциялык комитетинин Секретариатынын өкмөттөргө, эл аралык
финансылык уюмдарга жана өнүктүрүү агенттиктерине, жеке сектордун өкүл-
дөрүнө, башка уюмдарга Борбордук Азияда радиоактивдүү калдыктар менен
булгануу коркунучунун ыктымалдыгы бар экени жөнүндө 2007-жылдын 7-сен-
тябрында кол коюлган Биргелешкен кайрылуусун ишке ашыруу боюнча жүргү-
зүлгөн иштер жөнүндө маалымат берсин;
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана башка кызыкдар мамлекеттердин,
ошондой эле эл аралык уюмдардын делегацияларынын Эл аралык форумга ка-
тышуусуна байланыштуу маселелерди иштеп чыксын.
7. Бул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-мартындагы
№ 89-б буйругуна
тиркеме
Эл аралык форумду даярдоо жана
өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,
уюштуруу комитетинин төрагасы;
Жунушалив Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-
нистринин орун басары, уюштуруу комитетинин
төрагасынын орун басары;
Усупов Ү.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
кењешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын
орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Балкибеков С.Э. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика
жана отун ресурстары министри;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык
өнүктүрүү жана соода министри;
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми-
нистри;
Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар-
басы боюнча мамлекеттик агенттиктин директо-
ру;
Курманалиев К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ге-
ология жана минералдык ресурстар боюнча мам-
лекеттик агенттиктин директору;
Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри-
нин орун басары;
Үтүрова Д.Д. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын экономикалык жана социалдык
саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюн-
ча);
Черноморец В.В. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш баш-
каруучусунун орун басары (макулдашуу боюн-
ча);
Кошматов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдын-
дагы Суу чарба департаментинин башкы дирек-
тору;
Нил Волкер - БУУ системасынын туруктуу координатору, БУУ-
нун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Респуб-
ликасындагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюн-
ча);
Алымкулов А.Б. - ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин Секре-
тариатынын энергетикалык саясат жана эколо-
гиялык маселелер боюнча департаментинин же-
текчиси;
Исламова Г.Р. - ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин Секре-
тариатынын экономикалык саясат департаменти-
нин бөлүм начальниги, ЕврАзЭСке мүчө мамле-
кеттердин атом энергиясын тынчтык максаттар-
да пайдалануу жаатында өз ара аракеттенүү
боюнча кењешинин жооптуу катчысы (макулдашуу
боюнча);
Алканов Р.А. - "ЕврАзЭС - Кыргызстан ишкер кењеши" ассоциа-
циясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Молдобеков Б.Д. - Жерди колдонмо изилдөөлөр Борбордук Азия
институтунун тењ директору (макулдашуу боюн-
ча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов