Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-апрели № 119-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ишмердигининшарттары жөнүндө Макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-октябрындагы №624-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ишмердигинин шарттары жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Россия Федерациясынын Өкмөтү, 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федера-циясынын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жө-нүндө келишимге таянып, Кыргыз-Россия Славян университетинин андан ары өнүгүшү үчүн ыњгай-луу шарттарды түзүү максатын жетекчиликке алып, Бишкек шаарында Кыргыз-Россия Славян университетин түзүү жана иш-төө шарттары жөнүндө 1993-жылдын 9-сентябрындагы Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Макул-дашууну ишке ашыруу боюнча топтолгон тажрыйбаны эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Мындан ары Университет деп аталуучу Кыргыз-Россия Славян универси-тети Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын биргелешкен кара-магындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттер аралык билимберүүчү окуу жайы болуп эсептелет. 2-статья. Университеттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: билим берүү ишмердигин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияга ылайыкКыргыз Республикасы менен Россия Федерациясында кабыл алынган жогоркукесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын (адистиктердин) тизмесиндекаралган даярдоонун багыттары (адистиктер) боюнча жогорку жана ЖОЖдонкийинки кесиптик билими бар кадрларды даярдоо; билим берүү ишмердигин негизги жалпы, орто (толук) жалпы жана ортокесиптик билим берүү программалары боюнча жүргүзүү; Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын илим жана билимберүү чөйрөлөрүндө топтолгон жетишкендиктерди жана тажрыйбаны колдонуу-нун жана Тараптардын эки мамлекетинде тењ жогорку окуу жайларынын или-мий-педагогикалык кадрларын өз ара жиберишүүнүн базасында илимий-техни-калык жана кадрлык потенциалдын өнүгүшүнө көмөктөшүү; билим берүү чөйрөсүндө интеграция процесстерин өнүктүрүү, Тарап-тардын эки мамлекетинин тењ маданияттарын, тилдерин, элдеринин тарыхыйжана улуттук салттарын сактоого, өнүктүрүүгө жана өз ара байытууга кө-мөктөшүү. 3-статья. Улутуна, жынысына, жашына, туткан динине, расасына, тилине, теги-не, жашаган жерине, ден соолугунун абалына, социалдык жана мүлктүк аба-лына жана саясий көз караштарына карабастан, тийиштүү дењгээлдеги били-ми бар Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, КөзкарандысызМамлекеттер Шериктештигинин жана башка мамлекеттердин жарандары Универ-ситетке өтүү укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана башка мамлекет-тердин жарандарын Университетке окууга кабыл алуу Университеттин Уста-вында каралган тартипте жүргүзүлөт. 4-статья. Университетте окутуу кыргыз тилин милдеттүү түрдө окутуу мененорус тилинде жүргүзүлөт, ошондой эле окутуу чет тилдерде да жүргүзүлүп,билим берүү процессинде тийиштүү шарттар түзүлөт. 5-статья. Университеттин ишмердиги Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынаылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жанаРоссия Федерациясынын Билим берүү боюнча федералдык агенттиги тарабынанбекитилген Устав аркылуу жөнгө салынат. Университеттин лицензияланышы жана мамлекеттик аккредитацияланышыТараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 6-статья. Университеттин илимий-педагогикалык кызматкерлерине жана студент-терине Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Тараптарынынмамлекеттеринин мыйзамдарында каралган академиялык эркиндик берилет. 7-статья. Университеттин ишмердигинин каржылык камсыздалышы Тараптар аркылууКыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана Россия Федерациясы-нын федералдык бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. Россия Тарабы Россия Федерациясынын Билим берүү боюнча федералдыкагенттигине белгиленген тартипте каралган бюджеттик каражаттардын че-гинде Университеттин кызматкерлерине айлык акы төлөп берүүгө жана Рос-сия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык айлык акыга кошуп эсептөөлөр бо-юнча чыгымдарын каржылык жактан камсыздоо максатында Университетке суб-сидия берет. Кыргыз Тарабы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Универси-теттин ишмердигин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана Уни-верситетте окуган студенттерге стипендия төлөп берүү боюнча чыгымдарынкаржылык жактан камсыздоо үчүн Университетке максаттуу каражаттарды бе-рет. Университет чыгымдары тууралуу каржылык отчет тапшырат, Россия Фе-дерациясынын билим берүү боюнча федералдык агенттиги тарабынан белги-ленген тартиптеги субсидиялар жана Кыргыз Республикасынын Билим берүүжана илим министрлиги тарабынан белгиленген тартиптеги максаттуу кара-жаттар каржылык камсыздоонун булагын түзөт. 8-статья. Университет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебиненКыргыз Республикасында ишке ашырылуучу жана федералдык бюджеттин кара-жаттарынын эсебинен Россия Федерациясында ишке ашырылуучу, ошондой элеТараптардын мамлекеттеринин жана чет өлкөлөрдүн түрдүү гуманитардыкфондуларынын эсебинен ишке ашырылуучу илимий жана илимий-техникалыкпрограммаларды жана долбоорлорду аткарууга катыша алат. 9-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Университеттин түзүмүн-дө Кыргыз Республикасы үчүн запастагы офицерлерди даярдоо боюнча аскеркафедрасы түзүлөт. 10-статья. Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын эсепке алуу менен Универ-ситеттин Уставында белгиленген тартипте Университеттин ректору шайла-нат. Ректор шайлангандан кийин аны менен Кыргыз Республикасынын Билимберүү жана илим министрлиги жана Россия Федерациясынын Билим берүү бо-юнча федералдык агенттигинин ортосунда беш жылга чейинки мөөнөткө эмгеккелишими түзүлөт. 11-статья. Университетке студенттерди кабыл алуунун контролдук саны, федерал-дык бюджеттен алынган субсидиялардын эсебинен ишке ашырылуучу окутуубоюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрли-гинин жана Россия Федерациясынын Билим берүү боюнча федералдык агентти-гинин биргелешкен чечими менен белгиленет. Акы төлөмө негизде окуган студенттердин санын билим берүү ишмерди-гин жүргүзүүгө укук берген лицензияда белгиленген окугандардын чектиксанынын алкагында Университет өз алдынча аныктайт. 12-статья. Университетте диссертациялык кењештер Россия Федерациясында колдо-нулуучу Илимий даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобого жана Дис-сертациялык кењеш жөнүндөгү жобого ылайык түзүлөт. Аталган диссертациялык кењештердин курамына КМШга катышуучу мамле-кеттердин ыйгарым укуктуу аттестациялык органдары тарабынан берилгентийиштүү дипломдору бар жана бул аттестациялык документтери Россия Фе-дерациясында белгиленген тартипке ылайык жарактуу деп табылган же кайрааттестациядан өткөрүлгөн окумуштуулар киргизилиши мүмкүн. 13-статья. Тараптар билиминин жана/же квалификациясынын, илимий даражалардыныйгарылышынын жана илимий наамдын берилишинин дењгээли алардын ортосун-да түзүлгөн макулдашууларга ылайык келгендиги жөнүндө Университет бер-ген документтерди өз ара таанышат. 14-статья. Университет өзүнүн кызматкерлерин билим берүү, илим жана техникачөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясы-нын Өкмөтүнүн сыйлыктарын изденип алууга белгиленген тартипте көрсөтүү-гө, ошондой эле эки мамлекеттин тењ илим чөйрөсүндөгү гранттарын алууүчүн конкурстарга катышууга укуктуу. 15-статья. Тараптардын ортосундагы бул Макулдашууну чечмелөө жана/же ишкеашыруу менен байланышкан талаштар алардын ортосунда консультациялардыжана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аркылуу чечилет. 16-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгүакыркы билдирүү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 жыл бою колдонулат жана Тараптардын бири экинчиТарапка анын колдонулушун токтотууну ниеттенгендиги жөнүндө кезектегимезгил аяктаганга чейин алты ай мурда жазуу жүзүндө билдирбесе, андабул Макулдашуу өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мөөнөттөргө узартыла бе-рет. Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып Бишкек шаарында Кыр-гыз-Россия Славян университетин түзүү жана иштөө шарттары жөнүндө1993-жылдын 9-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен РоссияФедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун төмөнкү жобо-лору күчүн жоготот: 1-статьянын экинчи абзацы; 2, 3, 5, 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-статьялар. 2008-жылдын "________" ______________ эки нускада ар бири орус жа-на кыргыз тилдеринде түзүлдү, эки текст тењ бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн