Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 8-майы №199-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлик-теринин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоо-руна макулдук берилсин. Премьер-министр И.Чудинов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрликтеринин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөмамлекеттердин коргоо министрликтери, Шанхай кызматташтык уюмунун 2002-жылдын 7-июнундагы Хартиясын же-текчиликке алып, Шанхай кызматташтык уюму (мындан ары - ШКУ) - бул кызматташтык бо-юнча өнөктөштөрүнүн өз ара ишенимине жана сыйлоосуна негизденүүчү жанакайсы бир мамлекетке, эларалык уюмга каршы багытталбаган уюм экендигинбелгилеп, тынчтыкты, туруктуулукту жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу-га өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүп, Тараптардын ортосундагы өз ара пайдалуу, узак мөөнөттүү, туруктуукызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Бул Макулдашууда пайдаланылуучу аныктамалар төмөнкүлөрдү билдирет: "коопсуздуктун жањы чакырыктары жана коркунучтары" - терроризм,сепаратизм жана экстремизм, алар 2001-жылдын 15-июнундагы Терроризм,сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү жөнүндө Шанхай конвенциясын-да аныкталгандай, массалык жок кылуу куралынын жана аны жеткизүү кара-жаттарынын таралышы, трансулуттук кылмыштуулук, экологиянын бузулушу,эпидемиялар; "коопсуздуктун жањы чакырыктарына жана коркунучтарына каршыкүрөшүү" - коопсуздуктун жањы чакырыктарынын жана коркунучтарынын алдыналуу жана аларга бөгөт коюу боюнча, анын ичинде террорго каршы операци-яларды, гуманитардык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепет-терин жоюуга жардам көрсөтүүгө карата операцияларды өткөрүү боюнча ШКУ-га мүчө мамлекеттердин ишмердүүлүгү. 2-берене. Кызматташтыктын максаты - аскер жаатында ШКУга мүчө мамлекеттердинортосундагы ишенимдүү мамилелерди белгилөө, тынчтыкты, региондук турук-туулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда көмөк көрсөтүү. Тараптардын кызматташтыгынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөрсаналат: аскердик жаатта ишеним көрсөтүү чарасын бекемдөө; региондук коопсуздуктун жањы чакырыктарына жана коркунучтарынакаршы аракеттер боюнча күч-аракеттерди координациялоо. 3-берене. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар төмөнкү прин-циптерди жетекчиликке алышат: Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин,эларалык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүнө тиешелүү башка жалпыга та-анылган эларалык укуктун принциптерин жана нормаларын жолдоо; кабыл алынуучу чечимдердин ШКУнун жалпы милдеттерине, принциптери-не жана өнүктүрүү артыкчылыктарына ылайык келиши; баардык ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара ишеними, коопсуздуктукамсыз кылуу укуктары жана кызыкчылыктарынын бирдейлиги; Тараптардын кызматташуусун уюштурууда биргелешкен чечимдерди таа-нуу; кызматташтык процессинде алынган маалыматтарды өз ара коргоонукамсыз кылуу. 4-берене. Аскердик жаатта ишеним көрсөтүү чарасын бекемдөө маселелеринчечүүдө Тараптардын кызматташуусунун негизги багыттары болуп төмөнкүлөрэсептелет: коргонуу саясаты, аскердик курулуш маселелери жана мамлекеттердинаскердик коопсуздугун камсыз кылууга карата көрүлүүчү чаралар боюнчамаалыматтык-консультациялык алмашууну өнүктүрүү; аскердик жаатта ишеним көрсөтүү чараларын бекемдөө маселелери бо-юнча ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мурдагы эки тараптуу жанакөп тараптуу келишимдердин алкагында милдеттерди аткаруу; аскердик жаатта ишенимди бекемдөөгө, аскердик ишмердикти алдын алаайтууну жана транспаренттүүлүктү жогорулатууга багытталган жањы меха-низмдерди киргизүү; ШКУга мүчө болуп эсептелбеген мамлекеттер менен аскердик жааттаачык мүнөздөгү жањы келишимдерди түзүү жана колдонуудагыларын аткаруужөнүндө өз ара маалымдоо; башка эларалык уюмдар менен аскердик жаатта ишеним көрсөтүүнү бе-кемдөө маселелери боюнча жалпы ыкмаларды издөө; курал-жарактарды кыскартуу жана чектөө, массалык жок кылуу курал-дарын таратпоо маселелерин чечүүдө принциптүү позицияларды координация-лоо; баардык дењгээлдеги аскердик делегациялар менен мамилелерди жанаалмашууларды кењейтүү, аскердик бөлүктөр, бөлүкчөлөр, аскердик-илимийжана аскердик-окуу жайлардын ортосундагы байланыштарды бекемдөө, аскер-дик тарых, аскердик укук, маданият жана эс алуу жааттарында, өз ара кы-зыкчылыкты жаратуучу башка жааттарда кызматташтыкты өнүктүрүү. Региондук коопсуздуктун жањы чакырыктарына жана коркунучтарынакаршы аракеттер боюнча күч-аракеттерди координациялоо маселесин чечүүдөТараптардын кызматташууларынын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсеп-телет: Региондун мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунучту баалоо маселе-лери, региондук жана эларалык коопсуздукту камсыз кылуу, коопсуздуктунжањы чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракет көрүү маселелеринчечүү үчүн улуттук куралдуу күчтөрдү даярдоо жана колдонуу маселелерибоюнча маалыматтык-кењеш берүүнү алмашууну өнүктүрүү; террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттер бо-юнча иш-чараларга катышуу; террордук уюмдар, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр, алардын аракетте-ринин ыкмалары жана тактикасы жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча ШКУ-нун Террорго каршы региондук түзүмү менен өз ара аракетте болуу; БУУнун калкасы астында, ошондой эле башка эларалык уюмдарөткөрүүчү операцияларда аскердик контингентти даярдоо жана колдонуутажрыйбаларын алмашуу; коопсуздуктун жањы чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракет-тенүү кызыкчылыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ас-кердик түзүмдөрүнүн күжүрмөн үйрөнүүлөрүн жогорулатууга багытталганиш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү; коопсуздуктун жањы чакырыктары жана коркунучтарына каршы күрөшүүүчүн техникалык каражаттарды жана жабдууларды иштеп чыгуу жана колдонуубоюнча биргелешкен илимий-изилдөө ишмердигин жүргүзүү; коопсуздуктун жањы чакырыктарына жана коркунучтарына каршы багыт-талган Тараптардын биргелешкен иш-аракеттеринин механизмин өркүндөтүү; Тараптардын кызматташтыгынын нормативдик укуктук базасынөнүктүрүү. 5-берене. Тараптардын кызматташуусунун негизги формалары болуп төмөнкүлөрэсептелет: ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кењешмеси; Тараптардын эларалык аскердик кызматташтыкка жооптуу түзүмдүкбөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринин кењешмеси; ШКУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн генералдык (башкы,бириктирилген) штабдарынын, штаб башчыларынын комитеттеринин, ошондойэле Тараптардын атайын түзүлүүчү эксперттик топторунун өкүлдөрүнүн кон-сультациялары; ШКУга мүчө мамлекеттердин коргонуу жана коопсуздук маселелери бо-юнча форуму; расмий иш сапарлар, жумушчу жолугушуулар, делегацияларды жибе-ришүү; биргелешкен аскердик машыгуулар жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ку-ралдуу күчтөрүнүн аскердик түзүлүштөрүн даярдоо боюнча биргелешкен баш-ка иш-чаралар; коопсуздуктун жањы чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракет-тенүү, тынчтыкты сактоо чөйрөсүндө илимий маалыматтарды жана тажрыйбаалмашуу боюнча биргелешкен аскердик-илимий изилдөөлөр, конференцияларжана семинарлар; чыгармачыл жамааттарды өз ара жиберишүү; спорттук-массалык иш чараларды өткөрүү; өз ара кызыкчылык жаратуучу кызматташтыктын башка формалары. 6-берене. Тараптар ШКУнун алкагында биргелешкен программаларды жана аракет-тенүү пландарын, эларалык келишимдердин долбоорлорун, ошондой эле ушулМакулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында башка документтерди иш-теп чыгышат. ШКУга мүчө мамлекеттеринин коргоо министрлеринин кењешмеси ушулМакулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алат, алар-ды ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кењешине билдирет, кабыл алынганчечимдерди ишке ашырууну контролдойт. Тараптардын эларалык аскердик кызматташтык үчүн жооп бергентүзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери ушул Макулдашуунун жоболорун ишкеашыруу боюнча сунуштарды даярдоону жана макулдашууну уюштурат, кабылалынган чечимдерди аткаруу боюнча иш-аракеттерди координациялайт. 7-берене. Бул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан финансылык жана ма-териалдык чыгымдарды Тараптар, эгерде алар башкача макулдашпаса, өз ал-дынча тартат. 8-берене. Бул Макулдашуунун жоболорун колдонуу жана чечмелөө менен байланыш-кан пикир келишпестиктер жана талаштар пайда болгон учурда Тараптараларды сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечет. 9-берене. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзүнчө ушулМакулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген протоколдор менен тариз-делүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 10-берене. Бул Макулдашуу ШКУга мүчөлүккө кабыл алынган мамлекеттин каалаганкоргоо ведомствосунун кошулуусу үчүн ачык жана кошулгандыгы жөнүндө до-кументти депозитарий алган күндөн баштап бул коргоо ведомствосу үчүнкүчүнө кирет. 11-берене. Бул Макулдашуунун депозитарийи болуп ШКУнун Катчылыгы эсептелет.Ал ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 15 күндүн ичинде Тарап-тарга анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жиберет. 12-берене. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөнтартып күчүнө кирет. Ар бир Тарап ушул Макулдашуудан чыга алат, ал үчүн депозитарийгечыгуу күнүнө чейин үч айдан кем эмес убакыт калганда бул жөнүндө жазуужүзүндө билдирүү жибериши керек. Депозитарий ушундай билдирүүнү алганкүндөн баштап 15 күндүн ичинде башка Тараптарга ушундай ниеттенүүжөнүндө кабарлайт. _____________ шаарында 200__-жылдын ______________ бир түп нуска-да, орус жана кытай тилдеринде түзүлдү, эки текст тењ бирдей күчкө ээ. Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги үчүн Тажикстан Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн