Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-майы № 205-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтү-нүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу-нун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтү(мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталат), эки мамлекеттин ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүкаалашып, тењчиликтин жана өз ара пайданын негизинде Макулдашуучу Тараптынбиринин инвесторлорунун экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына инвести-циялары үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө жана колдоого ниеттенишип, чет өлкөлүк инвестицияларды колдоо жана коргоо Макулдашуучу Тарап-тардын эки мамлекетинин жеке бизнесин өнүктүрүүгө жана экономикалыкжактан гүлдөп өнүгүшүнө көмөктөшө тургандыгын таанышып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктамалар Бул Макулдашуунун максаттарында: 1. "Инвестициялар" Макулдашуучу Тараптын биринин инвестору экинчиМакулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында кийинки Макулдашуучу Та-раптын улуттук мыйзамдарына ылайык инвестициялаган активдердин бардыктүрлөрүн билдирет жана атап айтканда төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок аларменен гана чектелбейт: а) кыймылсыз жана кыймылсыз эмес мүлктү жана күрөөлүк, күрөөлүккармоо жана күрөө сыяктуу башка укуктарды жана ошого окшош укуктарды; б) акцияларды, облигацияларды, ишканаларга катышуунун башка форма-ларын; в) акча каражаттарына же экономикалык баалуулукка ээ болгон аркандай башка аткаруу талаптарын; г) интеллектуалдык менчик укугун, атап айтканда автордук укукту,өнөр жайлык менчик укугун (патент, өнөр жайлык дизайн жана моделдер,соода маркалары, фирмалык аталыштар сыяктуулар) жана ноу-хау (патент-телбеген практикалык билимдер); д) гуд-вилл (ишкер репутация); е) жаратылыш ресурстарын издөөгө, казып алууга жана иштетүүгө кон-цессияны кошо алганда улуттук мыйзамдарга ылайык контрактка жараша эко-номикалык ишмердикти жүргүзүүнүн ар кандай укугу жана ар кандай лицен-зиялар. Инвестициялардын формаларын ар кандай өзгөртүү Макулдашуучу Тарап-тар кабыл алган улуттук мыйзамдарга ылайык киргизилген шартта инвести-циялар катары алардын мүнөзүнө таасир тийгизбөөгө тийиш. 2. "Инвестор" Макулдашуучу эки Тарапка карата төмөнкүлөрдү билди-рет: а) мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык Макулдашуучу Тарап-тын биринин мамлекетинин жараны болуп саналган жеке адамды жана Макул-дашуучу Тараптын биринин мамлекетинин аймагында туруктуу жашаган жаран-дыгы жок адамды; б) Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык уюштурул-ган же түзүлгөн юридикалык жакты. 3. "Киреше" инвестирлөөдөн алынган сумманы, атап айтканда пайданы,капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешени, проценттерди, дивиденддерди, ав-тордук гонорарларды жана башка сыйлыктардын бардык түрлөрүн билдирет. 4. "Аймак" Макулдашуучу эки Тарапка карата аймакты билдирет, андаМакулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин ар бири улуттук мыйзамдарынажана эл аралык укукка ылайык өздөрүнүн эгемендүү укуктарын жана юрис-дикциясын ишке ашырат. 5. "Улуттук мыйзамдар" Макулдашуучу эки Тарапка карата мыйзамдардыбилдирет, алар бул Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарын-да күчкө ээ болот. 6. LIBOR - лондон банктары тарабынан берилүүчү кыска мөөнөттүүкредиттер боюнча ставка. Мындай учурда ссудалык капиталдарынын эл аралык рыногунда кредит-тик проценттин эсепке алуу ставкаларын белгилөө үчүн базалык ставканыннегизги багыты катары кызмат кылат. 2-статья. Инвестицияларды колдоо 1. Ар бир Макулдашуучу Тарап өз мамлекетинин аймагында экинчи Ма-кулдашуучу Тараптын инвесторлорунун инвестицияларын колдоого алат жанаөздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык мындай инвестицияларды таанышат. 2. Макулдашуучу Тараптын бири экинчи Макулдашуучу Тараптын су-роо-талабы боюнча ушул Макулдашууга ылайык инвестицияларга тиешелүүмамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын эрежелери жана жол-жоболору боюнчамаалыматтарды берип турат. 3-статья. Инвестицияларды коргоо жана режим 1. Инвесторлордун инвестицияларына жана кирешелерине ар бир Макул-дашуучу Тараптар акыйкат жана тењ укуктуу режим беришет жана экинчи Ма-кулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында толук коргоону жана коопсуз-дукту камсыз кылышат. Макулдашуучу Тараптын бири да ар кандай учурдамындай инвестицияларды башкарууга, эксплуатациялоого, пайдаланууга, ээ-лик кылууга, кењейтүүгө же тескөө укугуна негизсиз, акылга сыйбаган жебасмырлоочу чаралар менен зыян келтиришпейт. 2. Ар бир Макулдашуучу Тарап өздөрүнүн аймактарында экинчи Макул-дашуучу Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына жана кирешелерине өз-дөрүнүн инвесторлорунун инвестициялары менен кирешелерине же кыйла ыњ-гайлуу болуп саналган ар кандай үчүнчү мамлекеттин инвесторлорунун ин-вестицияларына берилүүчү режимден кем эмес ыњгайлуу режимди беришет. 3. Ар бир Макулдашуучу Тарап өздөрүнүн аймактарында экинчи Макул-дашуучу Тараптын инвесторлоруна алардын инвестицияларын башкарууга, эк-сплуатациялоого, пайдаланууга, ээлик кылууга, кењейтүүгө карата өздөрү-нүн инвесторлоруна же кыйла ыњгайлуу болуп саналган ар кандай үчүнчүмамлекеттин инвесторлоруна берилүүчү режимден кем эмес ыњгайлуу режимдиберишет. 4. Бул Макулдашуунун шарттары эл аралык келишимден келип чыгуучубажы, экономикалык же акча-кредиттик союздун мүчөлүгүнөн, жалпы рынок-тон. же эркин соода тармагынан же ошол эле бажы, экономикалык же ак-ча-кредит союзунан, жалпы рыноктон же эркин соода тармагынан бул Макул-дашуучу Тараптардын милдеттенмелеринин негизинде ар кандай үчүнчү мам-лекеттин инвесторлоруна же алардын инвестицияларына берилген ар кандайрежимден, преференциялардан же артыкчылыктардан экинчи Макулдашуучу Та-раптын мамлекетинин инвесторлорунун пайдасына жайылтыла турган биринчиМакулдашуучу Тараптын милдети катары чечмеленбөөгө тийиш. 5. Бул Статьянын жоболору бажы союзунда, эркин соода зонасындаучурдагы же келечектеги мүчөлүктөн же региондук кызматташтыктын башкаформасында же кош салык салуудан качуу жөнүндө эл аралык макулдашуулар-дан улам келип чыгуучу артыкчылыктар экинчи Макулдашуучу Тараптын мам-лекетинин инвесторлоруна жайылтыла турган биринчи Макулдашуучу Тараптынмилдети катары чечмеленбөөгө тийиш. 4-статья. Экспроприация 1. Макулдашуучу Тараптардын бири да Макулдашуучу экинчи Тараптынинвесторлорунун инвестицияларына эквиваленттик натыйжага ээ болгон ча-раларды көрбөйт же экспроприациялабайт (мындан ары - "экспроприация"),улутташтырбайт, буга төмөнкүлөр кирбейт: а) коомдук кызыкчылыктарда экспроприациялоо жана улуттук мыйзам-дарга ылайык; б) басмырлоосуз жасалган экспроприация; в) мөөнөттүү, адекваттуу жана натыйжалуу компенсация берүү учуру. 2. Ушул Статьянын 1-пунктунун (в) пунктчасында эскертилген компен-сация экспроприация болгонго чейин же экспроприациялоо жөнүндө кабаржалпыга белгилүү болгонго чейин, бирок андан эрте эмес түздөн-түз эксп-роприацияланган инвестициялардын рыноктун наркына эквиваленттүү болуугажана акы төлөө негизсиз кечиктирилбөөгө тийиш. Компенсация экспроприа-циялоо датасынан тартып акыркы төлөнгөн датага чейин LIBOR негизиндеэсептелген процентти камтыйт. 3. Экспроприациялоонун натыйжасында жабыркаган инвесторлор ушулМакулдашуунун 8-статьясынын чектеринде жана экспроприациялоону жүргүз-гөн Макулдашуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык алардын укуктары-на зыян келтирбестен ишти ошол Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин сотже башка компетенттүү көз карандысыз органында токтоосуз карашына жанаушул статьянын жоболоруна ылайык анын инвестицияларынын наркын аныктоо-го укуктуу болушат. 5-статья. Жоготуулар үчүн компенсациялар 1. Макулдашуучу Тараптын биринин инвесторлорунун инвестицияларыэкинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында согуштун, өзгөчөабалдын, көтөрүлүштүн жана коомдук тартипти бузуунун же башка ушул сы-яктуу учурлардын кесепетинен жоготууларга учураса, кийинки МакулдашуучуТарап өздөрүнүн инвесторлоруна же ар кандай үчүнчү мамлекеттин инвес-торлоруна берилгенден кем эмес ыњгайлуу режим түзүшөт. 2. Ушул Статьянын 1-пунктуна карабастан бир Макулдашуучу Тараптынэкинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында төмөнкүлөрдүн на-тыйжасында жоготууларга учураган инвесторлору: а) экинчи Макулдашуучу Тараптын куралдуу күчтөрү же мамлекеттикоргандары тарабынан инвестициялардын же алардын бөлүгүн конфискациялоо,же б) экинчи Макулдашуучу Тараптын куралдуу күчтөрү же мамлекеттикоргандары тарабынан инвестициялардын же алардын бөлүгүн жок кылуу ушун-дай кырдаалдын зарылдыгын актабаса тийиштүү түрдө кайтарылып берилишиже компенсацияланышы керек. Ар кандай учурда кайтарып берүү же компен-сациялоо мөөнөттүү, адекваттуу же натыйжалуу болууга тийиш. 6-статья. Которуулар 1. Макулдашуучу Тараптын ар бири Макулдашуучу экинчи Тараптын ин-весторлоруна анын аймагынан жана аймагынан тышкаркы жерлерде инвестици-яларга байланыштуу төлөмдөрдү эркин которууга кепилдик беришет. Мындайтөлөмдөр Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашы-рылат жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш, атап айтканда булар менен чек-телбейт: а) баштапкы капиталды жана инвестицияларды эксплуатациялоо же ке-њейтүү үчүн кошумча сумманы; б) кирешелерди; в) инвестицияларды жалпы же айрым жоюудан кирешелерди; г) инвестицияларга байланыштуу кредитти жоюудагы фонддорду; д) 4 жана 5-статьяларга ылайык компенсацияларды; е) 7-статьяда көрсөтүлгөн кепилдик же камсыздандыруу контракттарыбоюнча төлөмдөрдү; ж) инвестицияларга байланыштуу кызматкерлердин эмгек акыларын жанабашка сыйлыктарды. 2. Европалык Союз көргөн чараларга зыян келтирбестен, которуу баш-тапкы инвестирлөө жүргүзүлгөн валютада же которуу датасына карата алма-шуунун колдонулган рыноктук ставкасы инвесторлор үчүн кабыл алгылыктууболсо эркин конверттелүүчү валютада жана негизсиз кечиктирүүсүз ишкеашырылат. 3. Ушул Статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык Макулдашуучу Тарап-тар которуулар үчүн ар кандай үчүнчү мамлекеттин инвесторлорунун инвес-тицияларына байланыштуу которууларга берилген режимден кем эмес ыњгай-луулукту камсыз кылышат. 7-статья. Суброгация 1. Эгерде Макулдашуучу Тарап же анын өкүлү экинчи Макулдашуучу Та-раптын мамлекетинин аймагын инвестициялар тартибинде берген кепилдиккеылайык өзүнүн инвесторлоруна карата төлөмдөрдү жүргүзсө кийинки Макул-дашуучу Тарап төмөнкүлөрдү таанууга тийиш: а) улуттук мыйзамдарга же ушул Макулдашууга ылайык биринчи Макул-дашуучу Тарапты коргоо жөнүндө укуктарды жана талаптарды, жана б) мурдагы Макулдашуучу Тарап же суброгациянын натыйжасында укукалган анын дайындалган өкүлү инвестордун өзүндөй эле көлөмдөгү талаптытурмушка ашыруусун жана укуктарды пайдалануусун. 2. Суброгацияланган укуктар же талаптар инвестордун баштапкы укук-тарынан же талаптарынан ашпоого тийиш. 8-статья. Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу 1. Макулдашуучу бир Тараптын жана Макулдашуучу экинчи Тараптын ин-весторунун ортосунда ошол Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин кий-инкисинин аймагындагы инвестицияларга байланыштуу талаш-тартыштар мүм-күнчүлүккө жараша достук жолу аркылуу жөнгө салынат. Кимдин аймагындаинвестицияларга байланыштуу Макулдашуучу Тараптардын талаш-тартышы бол-со, кењири маалыматты камтуу менен инвесторго жазуу жүзүндө кабарлануу-га тийиш. 2. Эгерде талаш-тартыш ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жа-зуу жүзүндө кабарлаган күндөн кийин алты (6) айдын ичинде жөнгө салын-баса инвестор төмөнкү инстанцияларга аны кароого берүүгө укуктуу: - аймагында инвестициялар ишке ашырылган Макулдашуучу Тараптынкомпетенттүү сотуна же бейтарап сотко (улуттук коммерциялык арбитраждыкинституттар); - эгерде эки Тарап тењ ушул Конвенциянын катышуучулары болуп са-налса ИТЖЭБдин Арбитраждык сотунун иш-аракетинин жол-жоболору үчүн Эре-желердин чектеринде жөнгө салуу жана арбитраж жүргүзүү үчүн Вашингтоншаарында кол коюу үчүн ачык болгон мамлекеттердин жана башка мамлекет-тердин жарандарынын ортосундагы инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү-нүн тартиби жөнүндө 1965-жылдын 18-мартындагы Конвенция менен уюшулганИнвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго(ИТЖЭБ), же - "ad hoc" арбитраждык трибуналга, ал эгерде талаш-тартышта турганМакулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында башкача каралба-са, Эл аралык соода укугу боюнча (UNCITRAL) БУУнун комиссиясынын арбит-раждык эрежелери боюнча уюштурулат. 3. Арбитраждык соттун чечими акыркы жана талашып-тартышкан Тарап-тардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат. Ар бир Макулдашуучу Тарапмындай чечимди токтоосуз кабыл алууга жана Макулдашуучу Тарапка тиеше-лүү улуттук мыйзамдарга ылайык таанууга, өзүнүн аймагында аны натыйжа-луу ишке ашырууну камсыздоого тийиш. 4. Талаш-тартышка катышкан Макулдашуучу Тарап ар кандай стадиядагыуруксат берүүчү жол-жоболорго же чечимди аткарууга экинчи МакулдашуучуТарап келтирилген зыянды толугу менен жарым-жартылай жабуучу камсыздан-дыруу компенсациясынын келишимин алгандыгынын фактысына шилтеме кылуугатийиш эмес. 9-статья. Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү 1. Бул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата МакулдашуучуТараптардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыштар мүмкүнчүлүккө жарашадипломатиялык каналдар аркылуу жөнгө салынат. 2. Эгерде Макулдашуучу Тараптар талаш-тартыш келип чыккан датадантартып алты айдын ичинде Макулдашууга келе алышпаса, Макулдашуучу Та-раптын бири экинчи Макулдашуучу Тараптын өтүнүчү боюнча арбитраждыксотко кайрылышы мүмкүн. 3. Мындай арбитраждык сот ар бир өзүнчө учур үчүн төмөнкүдөй түрдөтүзүлүшү керек. Макулдашуучу Тараптын бири экинчи Макулдашуучу Тараптанарбитраж жөнүндө кабарды алган учурдан тартып эки айдын ичинде ар бирМакулдашуучу Тарап бирден арбитр дайындашы керек. Бул эки арбитр бирге-ликте эки айлык мезгилдин ичинде үчүнчү арбитрди тандайт, ал үчүнчүмамлекеттин жараны болуп саналат. Макулдашуучу эки Тарап жактырганданкийин үчүнчү арбитр арбитраждык соттун төрагасы катары дайындалуугатийиш. 4. Эгерде арбитраждык сот ушул Статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөнмезгилдин ичинде түзүлбөсө, ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Тараптынар кандай макулдугусуз зарыл дайындоо жүргүзүү үчүн Эл аралык соттунтөрагасын чакыра алат. Эгерде Төрага Макулдашуучу Тараптардын бирининжарандыгына ээ болсо же башка себептери боюнча өзүнүн функционалдыкмилдеттерин аткара албаса, Вице-төрага чакырылат, ал зарыл дайындоонужүргүзүүгө тийиш. Эгерде Вице-төрага Макулдашуучу Тараптардын бирининжарандыгына ээ болсо же башка себептери боюнча өзүнүн функционалдыкмилдеттерин аткара албаса эл аралык соттун кызматы боюнча андан кийинкимүчөсү чакырылат, ал Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин жараныболбоого жана зарыл дайындоону жүргүзүүгө тийиш. 5. Арбитраждык сот өзүнүн жол-жоболорун өз алдынча аныктайт. Ар-битраждык соттун чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Чечим ар бирМакулдашуучу Тарап үчүн акыркы жана милдеттүү болуп саналат. 6. Ар бир Макулдашуучу Тарап өздөрүнүн арбитраждык сотунун мүчөсү-нүн жана аны арбитраждык сот өндүрүшүнө берүү чыгымдарын өздөрүнө алат;Төраганын чыгымдарын жана калган чыгымдарды Макулдашуучу Тараптар бир-дей өлчөмдө тартат. Арбитраждык сот чыгымдардын көпчүлүк үлүшүн Макул-дашуучу эки Тараптардын кайсынысы тарта тургандыгын чече алат жана мын-дай чечим Макулдашуучу эки Тарап үчүн милдеттүү болууга тийиш. 10-статья. Кыйла ыњгайлуу шарттар 1. Эгерде ар бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мый-замдарынын жоболору же экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин инвес-торлорунун инвестицияларына карата эл аралык укуктун нормалары ушул Ма-кулдашууда каралгандан кыйла ыњгайлуу режимде болсо, анда мындай жобо-лор кыйла ыњгайлуу болуп саналган дењгээлде ушул Макулдашууда колдону-лат. 2. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын инвес-торлорунун инвестицияларына карата өздөрү кабыл алган милдеттенмелердисакташат. 11-статья. Консультациялар Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндөконсультациялар өткөрүшөт. 12-статья. Макулдашууну колдонуу 1. Бул Макулдашуу ал күчүнө киргенге чейин жана андан кийин ишкеашырылуучу бардык инвестицияларга карата колдонулат. Бирок, бул Макул-дашуу күчүнө киргенге чейин жөнгө салынган жана/же канааттандырылганинвестицияларга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар жана/же доо-маттар бул Макулдашуунун колдонулушуна туура келбейт. 2. Бул Макулдашуу, ошондой эле жер сатып алууга, пайдаланууга, эк-сплуатациялоого же тескөөгө тиешелүү маселелерге да колдонулбайт. Булмаселелер ар бир Макулдашуучу Тараптын улуттук мыйзамдары менен жөнгөсалынат. 13-статья. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделетжана ушул Макулдашуунун 14-статьясынын жоболоруна ылайык күчүнө кирет. 14-статья. Күчүнө кириши, узактыгы жана бүтүшү 1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Макулдашуучу Тараптардын акыркыбилдирүүсүн алган датадан тартып күчүнө кирет жана он беш (15) жыл боюколдонулат. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын бири Макулдашуучу экинчиТарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кезекте-ги колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин он эки (12) ай мурда билдирбесе, булМакулдашуунун колдонулушу кийинки он жылдык мезгилге өзүнөн өзү узарты-лат. 2. Бул Макулдашуу аяктаганга чейин ишке ашырылган инвестицияларгакарата ушул Макулдашуунун жоболору анын колдонулушунун мөөнөтү токтогондатадан тартып он (10) жыл бою күчүндө калат. 2008-жылдын "____" ___________________ _________________ эки нус-када, ар бири кыргыз, литва жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык текст-тер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир ке-лишпестиктер келип чыкса Макулдашуучу Тараптар орус тилиндеги тексттижетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Литва Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн