Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-майы № 220-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги менен Латвия Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагыКызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмесөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук бе-рилсин. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги менен Латвия Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика-лык өнүктүрүү жана соода министрлиги менен Латвия Республикасынын Эко-номика министрлиги, тењ укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде Кыргыз Республикасы мененЛатвия Республикасынын ортосундагы кызматташууга андан ары түрткү бе-рүүнү каалап, экономикалык, соода жана инвестициялык кызматташууну, рыноктук ма-милелерди өнүктүрүүгө дем берүүнүн маанилүүлүгүн таанып, Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдердинжоболорун эске алып, Латвия Республикасынын Европалык Союздагы мүчөлүгүн эске алып, Тараптардын мамлекеттеринин Дүйнөлүк соода уюмунун чегинде кабылалынган милдеттерин ырастап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты. 1-берене. Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өзара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө төмөнкү багыттар боюнча көмөккөрсөтүшөт: 1) соода жаатында; 2) макроэкономикалык талдоо жана болжолдоо жаатында; 3) инвестициялар, инновациялар жана экономикалык долбоорлорду ишкеашыруу жаатында; 4) ишкердик жаатында; 5) техникалык жөнгө салуу жаатында; 6) өз ара кызыкчылыкты туудурган башка жааттарда. 2-берене. Тараптар кызматташтыкты төмөнкүдөй иш-чараларды ишке ашыруу жолдо-ру менен жүргүзүшөт: 1) Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык соодажана инвестициялар жаатындагы информациялык жана статистикалык маалы-маттарды алмашуу; 2) инвестициялардын жана технологиялардын келүүсүн көбөйтүү жанасоода байланышын кењейтүү максатында кызматташууну ишке ашыруу үчүнэкономика тармактарын аныктоо; 3) ар бир мамлекетте болгон инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндөмаалымат алмашуу; ошондой эле тараптардын мамлекеттеринин ишкерлеринэкономикалык жана инвестициялык потенциалы менен тааныштыруу, экономи-калык мамилелерди чыњдоо жана ушул Меморандумдун максаттарына жетүүүчүн болгон каражаттарды пайдалануу; 4) техникалык нормаларга, гигиеналык жана фитосанитардык чаралар-га, продукциянын коопсуздугуна милдеттүү талаптарга жана Кыргызстан ме-нен Латвиянын ортосунда жеткирилүүчү товарлар менен байланышкан башкаар кандай чараларга тиешелүү маалыматтарды алмашуу; 5) кыска жана узак мөөнөттүү келечекке өлкөнү экономикалык өнүктү-рүүнүн маселелерине тиешелүү документтерди иштеп чыгуу боюнча тажрыйбаалмашуу; 6) бизнес-форумдарды уюштуруу жана өткөрүү. 3-берене. 1. Бул Меморандумдун жоболору Кыргыз Республикасы же Латвия Рес-публикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерден, ошондой эле алардынэл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жа-на милдеттерине тиешеси болбойт. 2. 1995-жылдын 9-февралында кол коюлган Европа шериктештиги жанаага мүчө мамлекеттер менен бир жагынан жана экинчи жагынан Кыргыз Рес-публикасынын ортосундагы Өнөктүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу,кийинки өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бирге ушул Меморандум ме-нен жөнгө салынуучу маселелерге карата артыкчылык күчкө ээ болот. 4-берене. 1. Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Бул Меморандумга Тараптардын макулдугу менен өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризде-лет жана ушул Меморандумдун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. 3. Бул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бирибашка Тараптан анын аракетин токтотууну ниеттенгени тууралуу жазуу тү-рүндө билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай бүткөнгө чейин колдонулат. Бул Меморандум ________________ шаарында 2008-жылдын "____"____________ эки нускада, ар бири кыргыз, орус жана латвия тилдериндетүзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо,Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү Экономика министрлиги үчүн жана соода министрлиги үчүн