Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 17-майы № 221-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2008-жылдын майында болгон кыйратуучу жер титирөөнүн кесепетиненжапа чеккен Кытай Эл Республикасынын калкына жардам көрсөтүү максатын-да: 1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республи-касынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кытай Эл Республикасынажиберилүүчү гуманитардык жардамдын көлөмүн жана номенклатурасын аныкта-сын; - гуманитардык жардамды жеткирүүнү уюштурсун. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги гуманитардык жардам-ды жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республика-сынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине акчалай каражат бөлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ме-нен бирдикте зарыл болгон сандагы вагондорду берсин жана гуманитардыкжардамды дароо жөнөтүүнү камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана КыргызРеспубликасынын Чегара кызматы: - гуманитардык жардамды бажылык тариздөө жана жиберүүнү артыкчы-лыктуу тартипте камсыз кылышсын; - Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу гуманитардык жүктүалып өтүүдө товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоодо ба-жылык тариздөө үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотушсун. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдарбөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов