Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-июлу № 118 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2000-жылдын 10-октябрындагы Евразия экономикалык коомдоштугун уюштуруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Санкт-Петербург шаарында 2006-жылдын 25-январында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө 2006-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2000-жылдын 10-октябрындагы Евразия экономикалык коомдоштугун уюш-туруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүжөнүндө 2006-жылдын 25-январында Санкт-Петербург шаарында кол коюлганПротокол ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономика-лык коомдоштугунун Интеграциялык Комитетине аталган Протоколдун күчүнөкириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Респуб-ликасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев