Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-апрели № 121-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Вьетнам Социа-листтик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кыз-матташтык жөнүндө макулдашуунун
долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын өкмөтүжана Вьетнам Социалисттик Республикасынын өкмөтү, Тараптар ортосундагы кызматташтыкты чыњдоо жана тењ укуктук жанаөз ара пайдалуу негизде эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердиөнүктүрүү максатында; Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында жана Тараптар-дын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ыла-йык; Дүйнөлүк соода уюмунун макулдашууларынын жоболорун жетекчиликкеалып; Тараптардын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин кењейишиэки өлкөнүн элинин жалпы өсүшүнө түздөн-түз жана узак мөөнөттүү салымынкошооруна ишенүү менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Макулдашуунун максаты 1. Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Рес-публикасы менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы соо-да-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана терењдетүү үчүн зарыл ча-раларды көрүшөт жана ушул максатта төшөлүү жагымдуу шарттарды түзүшөт. 2. Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мындан ары"субъекттер" деп аталуучу Тараптардын тышкы экономикалык байланыштары-нын катышуучуларынын ортосунда өз ара кызыкчылыгы бар тармактарда эко-номикалык жана соода мамилелерин Тараптар өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. 2-статья. Эњ ыњгайлуу режим жана улуттук режим Товарларга эњ ыњгайлуу режимди жана улуттук режимди түзүү боюнчаТараптар 1994-жылдагы Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунунтиешелүү жоболорун жетекчиликке алышат. 3-статья. Башка макулдашуулар менен жөнгө салынуучу соода мамилелери Бул Макулдашуу бажы союздарын, эркин соода зоналарын, Тараптардынүчүнчү өлкөлөр менен преференциалдык соода макулдашууларын же чегарагажакын соода жүргүзүүнү ишке ашырууга же түзүүгө тоскоол болбошу керек. 4-статья. Өзгөчө жоболор Тараптардын мамлекеттеринин аймагынан чыккан товарларды экспортко,импортко жана ташууга тыюу салуу же чектөө боюнча чараларды көрүүгө Та-раптардын ар биринин укугун ушул Макулдашуунун жоболору төмөндөгү мак-саттарда чектебеши зарыл: 1) коомдук тартипти жана моралды коргоо, улуттук коопсуздукту кор-гоо; 2) адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү кор-гоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жана жаратылыш ресурстарынкоргоо; 3) улуттук көркөм, тарыхый жана археологиялык баалуулуктарды сак-тоо; 4) радиоактивдүү материалдар жана таштандылар менен соода жүргүзүүпринциптерин сактоо; 5) Тараптар катышуучусу болгон эл аралык келишимдерди сактоо. Ушу-ну менен бирге, мындай тыюулар же чектөөлөр Тараптардын ортосундагы со-оданы ойлонбой басмырлоо же акылга сыйбаган чектөө каражаты катары пай-даланылбашы керек. 5-статья. Транзит Эки мамлекеттин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы менен Вьет-нам Социалисттик Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык кели-шимдерге ылайык Тараптар эркин транзит принциптери боюнча Тараптардынмамлекеттеринин аймагынан түздөн-түз алынып чыккан/алып келинген товар-лардын транзитине чектөөсүз уруксат беришет. 6-статья. Товарлардын чыгуу эрежелери 1. Тараптардын мамлекеттеринин аймагына алып келинген товарлардынчыккан жери эки мамлекеттин мыйзамдарынын жана Тараптардын мамлекеттерикатышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин негизинде аныкталат. 2. Тараптар эки мамлекеттин мыйзамдарына жана Талаптардын мамле-кеттери катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык товар-лардын чыккан жери жөнүндө сертификатты жана башка коммерциялык доку-менттерди берүү боюнча бажы органдары жана ыйгарым укуктуу органдардынортосунда маалымат алмашууларды жүргүзүшөт. 7-статья. Товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү Товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү эки мамлекеттин мыйзамда-рына жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Тараптардын субъекттери-нин ортосунда түзүлгөн контракттардын негизинде жүргүзүлөт. 8-статья. Баалар жана төлөмдөр 1. Соода-экономикалык мамилелерде товарга жана кызматкөрсөтүүлөргө баалар учурдагы дүйнөлүк баалардын жана эл аралык соодажана финансылык практикада кабыл алынган шарттардын негизинде Тараптар-дын субъекттеринин ортосундагы контракттарда макулдашылат. 2. Тараптар ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде товарларжана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептөөлөр жана төлөмдөр эл аралык банктыкоперацияларды аткарууга у кугу бар ыйгарым укуктуу банктар аркылуу эр-кин конверсиялануучу валютада жана эгер Тараптар башка жөнүндөсүйлөшпөсө, өлкөлөрдүн ар биринин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 9-статья. Экономикалык кызматташтык 1. Эл аралык практикага жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамда-рына ылайык соода-экономикалык кызматташтыктын узак мөөнөттүү мамилеле-рин түзүүдө, ассоциацияларды, чет өлкөлүк компанияларды, биргелешкенкомпанияларды түзүүдө экинчи Тараптын мамлекетинин юридикалык жана жекежактарына көмөк көрсөтүү үчүн укуктук шарттарды Тараптардын ар биритүзөт. 2. Тараптар технологиялар боюнча маалымат алмашууда кызматташуугакөмөк көрсөтүшөт. 3. Тараптардын ар биринин компанияларына жана коммерциялыктүзүмдөрүнө Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү эл аралыкжана атайын ярмаркаларга - көргөзмөлөргө катышууга көмөк көрсөтүшөт.Тараптар көргөзмөлөрдө - ярмаркаларда же башка ишчараларда экспонирлен-ген импорттук товарларга карата эки мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайыкжагымдуу шарттарды түзүшөт. 4. Тараптардын мамлекеттеринин соода өнөрөнөржай палаталарынын ор-тосунда тыкыс жана натыйжалуу кызматташууга товарларды презентациялоожана алардын сатылышын илгерилетүү үчүн коммерциялык делегацияларды жи-беришүү, семинарларды, симпозиумдарды уюштуруу аркылуу Тараптар макул-дук беришет жана ушул иш-чараларга жагымдуу шарттарды түзүшөт. 10-статья. Стандарттар 1. Ушул Макулдашуу боюнча алмашылуучу товарлар жана кызматкөрсөтүүлөр Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген та-лаптарга ылайык келиши керек. 2. Эл аралык нормаларга жана эрежелерге ылайык продукциянын шай-кештигин баалоонун жыйынтыктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашууга колкоюу максатында Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. 11-статья. Өкмөттөр аралык комиссия 1. Тараптар мындан ары "Комиссия" деп аталуучу Соода-экономикалыккызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-вьетнам комиссиясын тузушөт. 2. Комиссиянын милдеттери негизинен төмөнкүлөр болуп саналат: - ушул Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшүн кароо; - Тараптар ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүнжана кењейтүүнүн жүрүшүн баалоо; - өнөржай жана инвестициялар тармагындагы кызматташууну кошо ал-ганда соода-экономикалык мамилелерге өбөлгө түзүү мүмкүнчүлүктөрүниздөө; - Тараптар ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүнжүрүшүндө пайда болгон маселелер боюнча консультация берүү; - жогоруда аталган маселелерге байланыштуу докладдарды жана реко-мендацияларды Тараптарга берүү. 3. Комиссиянын отурумдары зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасын-да жана Вьетнам Социалисттик Республикасында кезеги менен өткөрүлөт.Отурумдарды өткөрүү убагын Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ма-кулдашат. 12-статья. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга ушул Макулда-шуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 14-статьясында каралган тартипте күчүнө кирүүчү өз алдынча протоколдор ме-нен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 13-статья. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаш-тартыш-тар жана кайчы пикирлер келип чыккан учурда аларды Тараптар консульта-циялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу же өкмөттөр аралык комиссиянын алкагын-да чечишет. 14-статья. Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл жол-жо-болорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнчаакыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып ушул Макулдашуукүчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер Тараптардын бирида тиешелүү мезгил аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда ушул Макулда-шуунун аракетин токтотуу жөнүндөгү өзүнүн ниеттенгенин экинчи Тарапкажазуу жүзүндө билдирбесе, анда анын колдонулушу кийинки беш жылдыкмөөнөткө өзүнөн өзү узартылат. _________________ 2008-жылдын "__" _____________________ эки түпнускада, ар бири кыргыз, орус жана вьетнам тилдеринде түзүлдү, мындабардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир ке-лишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетек-чиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Вьетнам Социалисттик Өкмөтү үчүн Республикасынын Өкмөтү үчүн