Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-декабры № 546-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 325"Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартибижөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттикменчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө жо-бонун 5-пунктуна ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы №280-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пунктунда: - биринчи абзацындагы "жана тике инвестицияларды тартуу" дегенсөздөр алып салынсын; - экинчи абзацындагы "кайтарылма шартта" деген сөздөр "кайтарымсызнегизде" деген сөздөргө алмаштырылсын, ал эми "жоюу мөөнөтү бир жыл"деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү абзацы алып салынсын; - 3-пункту алып салынсын; - 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.". 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-январындагы №37 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - бүткүл тексти боюнча "жана тике инвестицияларды тартуу" дегенсөздөр алып салынсын; - 1-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын; - 2-пунктундагы "4000000 (төрт миллион)" деген цифра жана сөздөр"1000000" (бир миллион)" деген цифрага жана сөздөргө алмаштырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев