Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-июну № 308-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо ШтаттарынынӨкмөтүнүн ортосундагы Ядролук жана башка радиоактивдүү материалдардымыйзамсыз өткөрүүнү болтурбоого карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө мемо-рандумдун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынапринциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүукугу менен көрсөтүлгөн Меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнатынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз өткөрүүнү болтурбоого карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын контрол-доочу-өткөрүүчү пункттарында андай материалдарды табуунун жана иденти-фикациялоонун техникалык системаларын орнотууну жана модернизациялоонукошкондо методологиялык кызматташтыкты жөнгө салуу жолу менен конкрет-түү ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз өткөрүүучурларын аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташууну каалашып, тө-мөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене. 1. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө бул меморандумга (мындан ары - Мемо-рандум) ылайык жасалган ишмердикке 1993-жылдын 19-майында кол коюлган,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүнортосундагы Көмөк көрсөтүүдө кызматташууга карата макулдашуунун (мынданары 1993-жылдагы Көмөктөшүү жөнүндө макулдашуу деп аталат) жоболоруколдонулат. 2. Бул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун аткарылышы тарап-тардын төмөндөгү компетенттүү ведомстволору аркылуу ишке ашырылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик бажы комитети (мындан ары - МБК); Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн атынан - Энергетика министрли-ги (мындан ары - ЭМ). Тараптар Меморандумдун аткарылышы үчүн жоопкерчиликти өз мамлеке-тинин башка министрликтерине жана ведомстволоруна өткөрүп бере алышат. 3. ЭМ менен МБКнын биргелешкен аныктамаларына ылайык ЭМ өзүнүн Яд-ролук коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгы аркылуу МБКга жабдуу мате-риалдык техникалык каражаттар, адистерди даярдоо түрүндө, акысыз техни-калык жардам, ошондой эле ушуга байланыштуу тейлөөлөрдү көрсөтө алат. Ушул Меморандумдун максатында "конкреттүү ядролук материалдар"термини плутонийди, ошондой эле 233 же 235 изотобу боюнча байытылгануранды түшүндүрөт. "Башка радиоактивдүү материалдар" иондоочу нур чыга-руучу жана радиологиялык чачуучу түзүлүштөрдө пайдаланууга жарактуу ра-диоактивдүү заттарды өзүнө камтыйт. 4. ЭМ тарабынан берилген жабдууларды иштетүүгө жана техникалыкжактан тейлөөгө кыргыз Тарап жооптуу. Кыргыз Тарап ушул Меморандумгаылайык алынган жабдууларды жана материалдык техникалык каражаттарды,ошондой эле даярдыктарды жана кызматтарды, конкреттүү ядролук жана баш-ка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз өткөрүүнү болтурбоо максатындагана пайдаланышы керек. 2-берене. 1. ЭМ көрсөткөн көмөк төмөнкүлөрдү өзүнө камтышы мүмкүн: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрмө пун-кттарына алардын бажы постторунун шарттарына ылайыкталган, конкреттүүядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды табууну камсыз кылганжабдууларды жеткирүү жана орнотуу (жабдууларды тестирлөө, түзөтүү жанакөрсөтүү менен кошо); - ЭМ тарабынан жиберилип жаткан жабдуулардын запастык бөлүктөрүн,контролдук-сыноо аппаратураларын, техникалык жана пайдалануучу докумен-ттерин, ошондой эле жабдууларды оњдоо үчүн керектүү иштетилүүчү жабдуу-ларды жеткирүү; - МБКнын тиешелүү персоналын жана башка персоналды конкреттүү яд-ролук жана башка радиоактивдүү материалдарды таанып билүү методуна, ЭМтарабынан берилген жабдууларды туура иштетүүгө жана туура тейлөөгө үй-рөтүү; - ЭМ менен МБК тарабынан биргелешип иштелип чыккан жабдууларды иш-тетүү жана тейлөө планына ылайык, мындай жабдуулар орнотулгандан тартыпүч жылдык мөөнөттө ЭМ тарабынан берилген жабдууларды тейлөөгө жардамкөрсөтүү; - ЭМ менен МБКнын макулдашуусу боюнча кызматташуунун башка тармак-тары. 2. ЭМ жана МБК биргелешкен техникалык семинарларды, консультация-ларды, объекттерге барууну, орнотулган жабдууларды жана материалдыктехникалык каражаттарды текшерүү жана кабыл алуу сынактары боюнча жаб-дууларды техникалык баалоо өткөрүшөт. Бул Меморандумду майнаптуу ишкеашырууга байланыштуу, жабдууларды иштетүү өзгөчөлүктөрү жана техникалыкмаселелер жана даярдык маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу туура-луу техникалык маалымат алмашуу үчүн техникалык эксперттердин биргелеш-кен жумушчу топтору түзүлүшү мүмкүн. 3. Жабдууларды жана материалдык техникалык каражаттарды тезиненбекитүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы дайындалган жергежеткирүүгө алып келе турган, ушул Меморандумга ылайык берилген жабдуу-ларды жана материалдык техникалык каражаттарды биринчи кезекте бажылыктариздөөнү камсыз кылуу үчүн МБК Кыргыз тараптын компетенттүү министр-ликтери, ведомстволору жана уюмдары менен өзүлөрүнүн аракеттерин макул-дашат. 4. Бул Меморандумга ылайык көмөк көрсөтүүнүн мөөнөттөрү жана шарт-тары ЭМ менен МБКнын ортосунда же алар дайындаган аткаруучулар ортосун-да түзүлгөн контракттарда же башка жазуу жүзүндөгү келишимдерде көрсө-түлөт. Бул контракттар же башка жазуу жүзүндөгү келишимдер менен булМеморандумдун ортосунда кандайдыр бир туура келбестиктер болгон учурда1993-жылдагы Көмөктөшүү жөнүндө макулдашуунун жана ушул Меморандумдунжоболору артыкчылык күчкө ээ болот. 3-берене. МБИ ушул Меморандумдун алкагында берилген жабдууларды жана матери-алдык-техникалык каражаттарды пайдалануунун натыйжасында мыйзамсыз өт-көрүлүп жаткан конкреттүү ядролук жана башка радиоактивдүү материалдартабылган же конфискацияланган кандайдыр бир учурлар жөнүндө маалыматтыЭМ менен МБК аныктаган форматта жана графикке ылайык Кыргыз Республика-сынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнөанын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү аркылуу (ЭМ тарабынан дайындал-ган) берет. Маалымат берүү тууралуу бул талаптын аракети мыйзамдуу түр-дөгү конкреттүү ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды, жетки-рүүлөргө тиешелүү болбойт. 4-берене. 1. ЭМдин жазуу жүзүндөгү алдын ала берген макулдугусуз МБК ушулМеморандумду аткаруу үчүн ЭМ тарабынан берилген жабдууларга ээ болууукугун же документтерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушулМеморандумдун аткарылышына жоопкерчилик жүктөлгөн Кыргыз Тараптын ми-нистрликтеринен же ведомстволорунан башка эч кимге бербейт. 5-берене. Тараптар ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташууну өз мамлекет-теринин улуттук мыйзамдарына жана жоболоруна, ошондой эле өзү катышуу-чусу болгон, колдонулуудагы эл аралык макулдашууларга ылайык жүргүзү-шөт. 6-берене. Бул Меморандумдун алкагында көрсөтүлгөн көмөк, бул максаттар үчүнбөлүнгөн каражаттарга жараша болот. 7-берене. Бул Меморандумду чечмелөө же колдонуу боюнча бардык маселелер жанаже талаштар Тараптардын ортосунда консультацияларды өткөрүү жолу мененчечилет. 8-берене. 1. Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга анын бө-лүнгүс бөлүктөрү болгон, өзүнчө протокол менен таризделген өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 3. Бул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бириушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу акыркы жазуужүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн үч ай өткөнгө чейин күчүндө болот. 2008-жылдын "___"________ Бишкек шаарында жана 2008-жылдын "___"___________ Вашингтон шаарында кыргыз, англис жана орус тилдеринде тү-зүлдү, бардык үч текст бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн