2008-жылдын 13-февралы № 44-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы №509 "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товарөндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине: - 2008-жылдын республикалык бюджетинде IV кварталдын сарптоолорункаржылоого каралган 193253,3 мињ сом бюджеттик каражатты Кыргыз Респуб-ликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигининайыл чарбалык техника сатып алуу менен байланышкан чыгымдарын каржылооүчүн жумшоого уруксат берилсин; - утурлама фонддун эсебинде топтолгон каражаттардан 193253,3 мињсомду айыл чарбалык техника сатып алуу үчүн Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн пайдалануусу жөнүндө Япониянын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдүжүргүзсүн; - республикалык бюджетке жогоруда аталган сумманын ордун толтур-сун; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин айыл чарбалык техниканы сатып алууга, аны жет-кирүүгө, сактоого жана андан кийин товардык кредитке берүүгө байланыш-туу кошумча чыгымдарын 2008-жылдын республикалык бюджетинде каралганбюджеттик каражаттардын эсебинен 2008-жылдын I кварталында каржыласын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Респуб-ликасынын бажы аймагына киргизилүүчү айыл чарбалык техниканы, ага асмажана чиркеме жабдууларды бажылык алымдарды жана салыктарды төлөөдөн то-лук бошотуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 147-статьясы-нын 2-пунктуна ылайык бажылык тариздесин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов