Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9-июлу № 348-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-нин жетекчи курамындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Европа-Кав-каз-Азия" эл аралык транспорт коридорун (ТРАСЕКА) өнүктүрүү боюнчаӨкмөттөр аралык комиссиянын чектеринде республиканын транспорт тармагы-нын чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу жана натыйжалуу пайдалануу макса-тында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы №625-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы-нын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - курамга Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникацияларминистринин орун басары Маматалиев Абдырахман Мадакимович комиссиянынулуттук катчысы катары киргизилсин; - курамдан Т.К.Ниязбеков чыгарылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдиктеКыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын курамынын өзгөргөндүгүжөнүндө "Европа-Кавказ-Азия" эл аралык транспорт коридорун (ТРАСЕКА)өнүктүрүү боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын Башкы катчысына билдирсин. Премьер-министри И.Чудинов