Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-августу № 408-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 21-ноябрындагы № 608-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-статьясында каралган
"менчиктин башка формалары" түшүнүгүн ачып берүүчү сунуштарды иштеп чы-
гуу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары
- жумушчу топ) түзүлсүн:
Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин
статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Арабаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конс-
титуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комите-
тинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун
жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин
орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун
басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Алыбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат
бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
статс-катчысы;
Шамканов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-
мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамле-
кеттик агенттиктин статс-катчысы;
Давлетбаева М.Д. - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун
төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын
орун басары;
Садыгалиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конс-
титуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
мыйзамдуулук жана адам укуктар боюнча комите-
тинин бөлүмүнүн улук консультанты (макулдашуу
боюнча);
Дыйканбаева Т.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер акаде-
миясынын Экономикалык изилдөөлөр борборунун
директору;
Тогусаков О.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер акаде-
миясынын Финансы жана укук институтунун дирек-
тору.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 608-б буйругунун редак-
циясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ "менчиктин башка формалары" тү-
шүнүгүн ачып берүүчү сунуштарды 2008-жылдын 28-ноябрына чейин белгилен-
ген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 608-б буйругунун редак-
циясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердигин уюштуруучулук,
методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Мамле-
кеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда мамлекеттик ор-
гандардын, мекемелердин жана илимий уюмдардын адистерин жана экспертте-
рин белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов