Редакцияот 19.04.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БУЙРУК

2010-жылдын 19-апрели УӨ № 3-т

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын

долбоорунун текстин редакторлоо боюнча

комиссия түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоорунун текстин редакторлоо боюнча комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:

1. Конкобаев Кадыралы - Комиссиянын төрагасы, "Манас" кыргыз-түрк университетинин профессору;

2. Султанбаев Абдыкадыр Дарданович - Комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бөлүм башчысы;

      3. Досалиев Турсунияз Акматжанович - Комиссиянын мүчөсү, котормочу;

4. Боронов Адина - Комиссиянын мүчөсү, котормочу;

5. Сулайманова Жаныл Дүйшеновна - Комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Ченемдик укуктук актыларды чыгаруу, кабыл алынган чечимдерди контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;

6. Карагулова Жумагүл Сариевна - Комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын

Орун басары

 

 

О.Текебаев