Бишкек шаары2006-жылдын 19-июлу № 122 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында уюмдашкан кылмыштуулукка жана коркунучтуу кылмыштардын башка түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун курамында бањги заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча түзүмдүк бөлүмчөнү жана Борбордук Азия регионунда анын региондук оперативдүү тобун түзүү жөнүндө көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кењешинин Астана шаарында 2004-жылдын 16-сентябрында кол коюлган чечимин ратификациялоо тууралу 2006-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердинаймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка кылмыштардын коркунучтуутүрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун курамындабањгизаттарын жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштүкоординациялоо боюнча түзүмдүк бөлүмчөнү жана Борбордук Азия регионундаанын региондук оперативдүү тобун түзүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекет-тер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кењешинин 2004-жылдын 16-сен-тябрында Астана шаарында кол коюлган чечими (мындан ары - Чечим) рати-фикациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Чечимдин күчүнөкириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболорду Кыргыз Республи-касынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер ШериктештигининАткаруу комитетине билдирсин. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө кийин маалымдоо менен Чечимден келип чыгуучу милдеттенме-лердин аткарылышына ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныктал-сын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев