КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-сентябры № 512-б
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 610-беренесине ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген коомдук уюмдарга колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 184а дарек боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратка ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен иштеген, коомдук уюмдарды коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен акысыз пайдалануу шарттарында жайгаштырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |