Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 12-сентябры № 459-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жанажарандык коргонуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун
долбооружактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине жогорудааталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аты-нан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана жарандык коргонуу жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, эки элдин ортосунда салтка айланган достук мамилени чыњдоого умту-луп, 1997-жылдын 10-январындагы Казакстан Республикасынын, Кыргыз Рес-публикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достукжөнүндө келишимдин жана 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасыменен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө ке-лишимдин максаттарын жана принциптерин жетекчиликке алып, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаа-тында кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин жыргалчылыгына жана улут-тук коопсуздугуна көмөктөшөт деп эсептеп, Тараптардын мамлекеттери үчүн өзгөчө кырдаалдар алып келе турганкоркунучту ањдап, Тараптардын мамлекеттер үчүн жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар-дын алдын алуу жана жоюу жаатында илимий-техникалык маалыматтарды алма-шуунун пайдасын эске алып, бир гана Тараптын күчү жана каражаты менен жоюу мүмкүн болбогонөзгөчө кырдаалдардын болуу ыктымалдыгын жана андан улам өзгөчө кырдаал-дардын алдын алуу жана жоюу максатында эки өлкөнүн тењ координациялан-ган иш аракеттерине муктаждык жараларын эске алып, Бириккен Улуттар Уюмунун, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюубоюнча башка эл аралык уюмдардын ролун эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Бул Макулдашууда пайдаланылган терминдер Бул Макулдашууда пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ: сурап жаткан Тарап - экинчи Тарапка жардам көрсөтүү, жабдуу жанаматериалдар менен камсыз кылуу боюнча топторду жөнөтүү тууралуу өтүнүчменен кайрылган Тарап; берүүчү Тарап - жардам көрсөтүү боюнча адистердин тобун жөнөтүү,жабдуу жана материалдар менен камсыз кылуу тууралуу экинчи Тараптынөтүнүчүн канааттандырган Тарап; ыйгарым укуктуу орган - бул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкаништерди жетектөөгө жана аларды координациялоо үчүн Тараптардын ар биритарабынан дайындалуучу орган; жардам көрсөтүү боюнча топ - жардам көрсөтүү үчүн арналган сурапжаткан Тарапка жөнөтүү үчүн атайын түзүлгөн адистердин тобу (анын ичин-де аскердик персонал); өзгөчө кырдаалдар - адамдардын өлүмүнө дуушарланышы мүмкүн болгонже дуушарланткан, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зы-ян келтире турган, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардынтурмуш шарттарынын бузулушуна алып келе турган же алып келген кырсык-тын, коркунучтуу табигый кубулуштун, катастрофанын, табигый же башкакырсыктардын натыйжасында түзүлгөн белгилүү бир аймактагы кырдаал; өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдар жаралуу тобо-келин мүмкүн болушунча азайтууга, ошондой эле адамдардын ден соолугунсактоого, айлана чөйрөгө келчү зыянды жана материалдык жоготуулардыазайтууга багытталган иш-чаралардын комплекси; өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдар жаралганда жүргүзү-лүүчү жана адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоого, айлана чөйрөгөкелчү зыяндын жана материалдык жоготуулардын көлөмүн азайтууга, ошондойэле өзгөчө кырдаалдар аймактарын чектөөгө, ага мүнөздү болгон фактор-лордун таасирин токтотууга багытталган кырсыктан-сактоочу жана башкакечиктирилгис иштер; өзгөчө кырдаалдар зонасы - өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймак; кырсыктан-сактоо иштери - адамдарды, материалдык жана маданий баа-луулуктарды сактоо, өзгөчө кырдаалдар аймагындагы курчап турган чөйрөнүкоргоо, өзгөчө кырдаалдарды локалдаштыруу жана ага мүнөздүү болгон кор-кунучтуу факторлорду жок кылуу жана минималдык дењгээлге жеткирүү боюн-ча иш-аракеттер; жабдуу - жардам көрсөтүүчү адистердин тобунун материалдары, техни-калык жана транспорттук каражаттары, шаймандары жана жеке жабдыктары; камсыз кылуу материалдары - өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жапачеккен калк арасында акысыз бөлүштүрүү үчүн багышталган материалдык ка-ражаттар. 2-берене. Ыйгарым укуктуу органдар Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган-дарды дайындашат: Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-рлиги; Казакстан Тараптан - Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарминистрлиги. Тараптар ыйгарым укуктуу органдарынын аталышындагы өзгөрүүлөр жө-нүндө жана алардын функцияларын башка органдарга өткөрүп бергендиги жө-нүндө бири бирине дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз кабарлашат. 3-берене. Кызматташуунун формалары Бул Макулдашууга ылайык иш Тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана тараптардын ар биринде зарылболгон каражаттардын болушу менен шартталат. Бул Макулдашуунун алкагын-да кызматташуу төмөнкүлөрдү карайт: кооптуу техногендик жана экологиялык процесстерге, табигый кубу-луштарга мониторинг уюштуруу жана өткөрүү; коркунуч туулганда жана өзгөчө кырдаалдар түзүлгөндө потенциалдуукооптуу объектилердин жана өзгөчө кырдаалдардын абалы, алардын өнүгүшүжана мүмкүн болуучу кесепеттери, аларды жок кылуу боюнча көрүлүп жатканчаралар жөнүндө өз ара кабарлоо; табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторингжана божомолдоо тууралуу маалыматтарды такай алмашуу; калкты өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракетке даярдоону уюштуруу, аныничинде биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу; өзгөчө кырдаалдарды жок кылууда тийиштүү мамлекеттик органдардынишин уюштуруу жана координациялоо; өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктар-дын натыйжасында боло турган булганууларга байланыштуу курчап турганчөйрө жана калк үчүн опурталды баалоо; чектеш суулардагы болушу ыктымалдуу табигый кырсыктар жөнүндө ык-чам кабарлоо жана алдын алуу; табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу; биргеликте илимий-техникалык долбоорлорду пландоо, иштеп чыгуу жа-на ишке ашыруу, илимий-техникалык адабияттарды жана илимий иштердин жы-йынтыктарын алмашуу; маалыматтарды, мезгилдүү басылмаларды, методикалык жана башка ада-бияттарды, видео жана фото материалдарды, ошондой эле технологиялардыалмашуу; биргелешкен конференцияларды, семинарларды, жумушчу кењешмелерди,окууларды жана машыгууларды уюштуруу; биргелешкен публикацияларды жана докладдарды даярдоо; экинчи Тараптын мамлекетинин окуу жайларында адистерди даярдоо,стажерлерду, окутуучуларды, окумуштууларды жана адистерди алмашуу; ыйгарым укуктуу органдар ортосунда өз ара иштешүүнү камсыз кылуу; жардам көрсөтүү боюнча адистердин тобун жабдууда өз ара жардамкөрсөтүү; өзгөчө кырдаалдарды жоюуда өз ара жардам көрсөтүү; өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында башка иштер, алыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылат. 4-берене. Уюмдар жана мекемелер ортосунда кызматташуу Тараптар жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жанажоюу жаатында иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын,Тараптардын мамлекеттеринин жеке жактарынын ортосундагы кызматташуугакөмөктөшөт. 5-берене. Биргелешкен комиссия Бул Макулдашуунун жоболорун аткаруу боюнча иш-чараларды аткарууүчүн ыйгарым укуктуу органдар жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардыналдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча биргелешкен комиссияныуюштурат, анын курамын, иш милдетин жана иш тартибин аныктайт. 6-берене. Негиз түзүүчү шарттар жана өкүлдөрдү кабыл алуу Тараптар кооптуу өндүрүш объектилеринин ишинин бардык этаптарынакооптуу өндүрүш объектилеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү да-ярдоого, куроого, жөндөөгө, тейлөөгө жана оњдоого, ошондой эле өндүрүш-түк коопсуздукту экспертизалоого карата өндүрүштүк коопсуздук талапта-рын коюу аркылуу кооптуу өндүрүштүк объектилерде өндүрүштүк коопсуздук-ту камсыз кылуу жаатында макулдашылган иштерди жүзөгө ашырышат. Тараптар эгерде берүүчү Тарап алардын жашырындыгын белгилесе, булМакулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн иштер, жетишилген илимий-техникалыкнатыйжалар жөнүндө маалыматтардын жана алынган документтердин жашырын-дыгын камсыздашат. Берүүчү Тарап бул Макулдашууда каралган жана өзгөчө кырдаалдардыжоюуга жардам көрсөтүү менен түздөн түз байланышпаган ишке катышкандаөз өкүлдөрүнүн жол киреси, жашоосу жана тамактануусу анын ичинде бирге-лешкен семинарлар, конференциялар, жумушчу кењешмелер, окуулар жана ма-шыгуулар, ошондой эле жөнөтүүчү Тараптын өкүлдөрүнүн кабыл алган Тарап-тын аймагында жүрүшү боюнча чыгымдарды өз мойнуна алат. 7-берене. Жардам көрсөтүү Жардам сурамдын негизинде көрсөтүлөт, анда сурап жаткан Тарап өз-гөчө кырдаалдардын мүнөзү жөнүндө маалымат берип, зарыл болгон жардам-дын түрүн жана көлөмүн көрсөтөт. Берүүчү Тарап кыска мөөнөттүн аралыгында сурамды карап чыгып, су-рап жаткан Тарапты жардам көрсөтүүгө боло тургандыгы, көлөмү жана шарт-тары жөнүндө кабардар кылат. Жардам көрсөтүүчү топторду жетектөө сурап жаткан Тараптын ыйгарымукуктуу органы тарабынан бул топтордун жетекчилери аркылуу ишке ашыры-лат. 8-берене. Жардамдын түрлөрү Өзгөчө кырдаалдардагы жардам жардам көрсөтүү, жабдууларды, камсызкылуу материалдарын берүү же болбосо башкача суралган форма боюнча топ-торду жөнөтүү аркылуу көрсөтүлөт. Жардам көрсөтүүчү топтор өзгөчө кырдаалдар аймагында авария-лык-сактоо иштерин аткарат. Сурап жаткан Тарап берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү топторунунжетекчилерин өзгөчө кырдаалдар аймагында жана конкреттүү иш участогундатүзүлгөн кырдаал тууралуу кабардар кылат, зарылчылыкка жараша ал топ-торду котормочулар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылат, ошон-дой эле коопсуздук, акысыз медициналык тейлөө менен камсыз кылат, алар-дын ишин координациялайт. Жардам көрсөтүү боюнча топтун жабдуусу өзгөчө кырдаалдар зонасында72 саат бою автономдуу иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн жетиштүү болуугатийиш. Жабдуунун запастары түгөнгөндөн кийин сурап жаткан Тарап аталгантопторду керектүү каражаттар менен камсыз кылат. 9-берене. Жардам көрсөтүүчү топтордун мамлекеттик чек аралардан өтүшүнүн шарттары жана алардын сурап жаткан Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүшүнүн тартиби Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрү сурап жаткан Тараптын мамлекет-тик чегарасынан инсандыгын тастыктаган документтер боюнча эл аралыкбайланыш үчүн ачык өткөрмө пункттар аркылуу өтүшөт. Топтун жетекчисиндежардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрүнүн тизмеси жана берүүчү Тараптын ый-гарым укуктуу органы тарабынан берилген анын ыйгарым укугун тастыктагандокумент болушу керек. Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрү сурап жаткан Тараптын мамлекети-нин аймагында болгон убакта ошол мамлекеттин мыйзамдарын сактоого мил-деттүү. Мында алар эмгектик мыйзамдар жаатында жана аны менен байланыш-кан маселелерде берүүчү Тараптын мамлекетинин юрисдикциясында турат.Жардам көрсөтүүчү топтун курамына кирген аскер кызматкерлерине берүүчүТараптын мамлекетинин мыйзамдарынын аскер кызматкеринин статусун эмгек-тик укуктук мамилелер жана социалдык-экономикалык кепилдиктерин жөнгөсалуучу бөлүгү колдонулат. Жардам көрсөтүп жаткан топтун каттамы, алардын жабдууларын жанакамсыз кылуу материалдарын ташуу автомобиль, темир жол, суу же абатранспорту аркылуу жүзөгө ашырылат. Жардам көрсөтүү үчүн көрсөтүлгөн транспорттун түрлөрүн пайдалануу-нун тартиби тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ыйга-рым укуктуу органдар тарабынан аныкталат. 10-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү үчүн жабдууларды жана камсыз кылуу материалдарын ташып келүү жана ташып чыгаруу Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү үчүн берилип жатканмамлекеттин аймагынан ташылып келинчү жана сурап жаткан Тараптын мамле-кеттин аймагынан киргизилчү жабдуулар жана камсыз кылуу материалдарыбажылык алымдардан, жыйымдардан жана салыктардан бошотулат. Жабдууларды жана камсыз кылуу материалдарын бажылык тариздөө ыйга-рым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү билдирүүлөрдүн негизинде ар-тыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт, анда жардам көрсөтүүчү топтун курамы,ташылып келинчү же чыгарылчу жабдуулардын жана камсыз кылуу материалда-рынын тизмеси көрсөтүлөт. Жардам көрсөтүүчү топторго жабдуулардан жана камсыз кылуу матери-алдарынан башка кандайдыр бир товарларды ташууга тыюу салынат. Жардам көрсөтүү боюнча иштер бүткөндөн кийин ташылып келинген жаб-дуулар сурап жаткан Тараптын мамлекетинин аймагынан чыгарылууга тийиш.Эгерде кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу жабдууларды чыгарууга мүм-күнчүлүк болбосо ал сураган Тараптын ыйгарым укуктуу органына жардамиретинде, макулдашылган шарттарда акысыз берилет. Мындай учурда бери-лүүчү жабдуунун түрүн, санын жана жайгашкан ордун көрсөтүп, сураган Та-раптын компетенттүү органын кабарлоо керек. Жапа чеккендерге медициналык тез жардам көрсөтүү зарыл болгондосураган Тараптын мамлекетинин аймагына наркотик каражаттарды, психот-роптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган дары каражаттарынын зарылболгон саны ташылып келиши мүмкүн. Мындай учурларда жардам көрсөтүүчүтоптун жетекчиси жардам көрсөтүүчү жана сураган Тараптын бажы органда-рына алардын номенклатурасын жана санын көрсөтүп бањгизат каражаттарын,психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган дары каражаттарынынбар экени жөнүндө декларацияны көрсөтөт. Көрсөтүлгөн медициналык дары-дармектер сураган Тарапка берилбейтжана ошол Тараптын өкүлдөрүнүн көзөмөлү астында квалификациялуу медици-налык кызматкерлер тарабынан гана колдонулат. Наркотик каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлордукамтыган пайдаланылбаган дары-дармек каражаттар ал дары-дармек каражат-тарынын номенклатурасын жана санын тастыктаган документтердин негизиндесураган Тараптын бажылык көзөмөлү астында чыгарылууга тийиш. Наркотиккаражаттарды, психспроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган чыгым-далган дары каражаттар боюнча сураган Тараптын бажы органдарына жардамкөрсөтүүчү топтун жетекчиси жана врачы тарабынан кол коюлган жана сура-ган Тараптын компетенттүү органынын өкүлдөрү тарабынан күбөлөндүрүлгөналардын пайдаланылышы тууралуу акт көрсөтүлөт. 11-берене. Аба кемелерин пайдалануу Берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы сураган Тарашын ыйгарымукуктуу органына жардам көрсөтүү үчүн аба кемелерди пайдалануу чечимижөнүндө алардын түрүн жана таануу белгилерин, каттамын, экипажынын мү-чөлөрүнүн санын, жүгүнүн мүнөзүн учуу жана конуу ордун жана убактысынкөрсөтүү менен билдирет. Сураган Тарап өз мамлекетинин аймагында белгилүү бир пунктта учуу-га уруксат берет. Бир мамлекеттин аймагынан башка мамлекеттин аймагындагы өзгөчөкырдаалдар районуна аба кемеси менен тез жардам көрсөтүү жана күчтөрдүжана каражаттарды ыкчам жеткирүү максатында ыйгарым укуктуу органдарТараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык белгиленген тартиптеаба кемелерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюудааба кемелери менен чек арадан өтүү жол жобосун жөнөкөйлөтүү маселелерибоюнча ар бир өлкөнүн мамлекеттик органдарынын (чек ара, бажы, фитоса-нитария, карантин кызматтары) өкүлдөрүнүн өз ара иштешүүлөрүнүн меха-низми жөнүндө кошумча нускаманы иштеп чыгышат жана белгиленген тартиптемакулдашышат. Учуулар Эл аралык жарандык авиация уюму жана Тараптардын мамлекет-тери белгилеген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. 12-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, сураган Тарап берүүчү Тарап-тын жардам көрсөтүүгө байланышкан чыгымдарын төлөп берет. Сураган Тарап ага жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчүн каалаган убактажокко чыгара алат. Мындай учурда берүүчү Тарап тарткан чыгымдарынын ор-дун алууга укуктуу. Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, чыгымдардын ордун толтурууберүүчү Тараптын ал тууралуу талабы түшкөндөн кийин токтоосуз ишке ашы-рылат. Берүүчү Тарап жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрүнүн камсыздандыры-лышын камсыз кылат. Камсыздандырууну тариздөө боюнча чыгымдар жардамкөрсөтүү боюнча жалпы чыгымдарга кошулат. Берүүчү Тарап аэродромго учуу, конуу, токтоо жана андан учуп чыгууакысынан, ошондой эле аэронавигациялык кызматтар үчүн акыдан бошотулат. Берүүчү Тараптын аба кемелеринин отуну жана техникалык тейлөөсүүчүн чыгымдардын ордун толтуруу маселеси ар бир конкреттүү учурда өзүн-чө чечилет. 13-берене. Зыяндын ордун толтуруу Сураган Тарап берүүчү Тарапка адамдар өлүмгө учураган же мертин-ген, жабыркаган же менчиги жок кылынган, мамлекеттин аймагында курчаптурган чөйрөгө зыян келтирилген учурларда күнөө койбойт. Сураган Тарападамдар каза болгон же мертинген, ошондой эле бул Макулдашууну ишкеашырууга байланышкан милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө берүүчү Тараптынжабдуулары жана башка менчиги талкаланса же зыянга учураса берүүчү Та-рапка компенсация төлөп берет. Компенсациянын өлчөмдөрү ар бир конкрет-түү учурларда өзүнчө сүйлөшүлөт. Эгерде берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү тобунун мүчөсү бул Ма-кулдашууну ишке ашырууга байланыштуу милдеттерди аткарып жатканда сура-ган Тараптын мамлекетинин аймагында юридикалык же жеке жакка зыян кел-тирсе, анда сураган Тарап өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык зыяндынордун толтурат. Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөсү тарабынан атайлап же одоно шалаа-кылыгынан келтирилген зыяндын орду берүүчү Тарап жактан төлөнөт. 14-берене. Маалыматтарды пайдалануу Эгерде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жазуу жүзүндө башкачамакулдашылбаса, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ачыккачыгарууга жатпаган маалыматтардан сырткары бул Макулдашуунун алкагындажүргүзүлгөн иштердин натыйжасында алынган маалыматты ар бир Тарап адат-тагы практикада басылып чыгарат жана пайдаланат. 15-берене. Талаштарды чечүү Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана (же) колдонуу боюнча та-лаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары-нын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү аркылуу че-чилет. 16-берене. Корутунду жоболор Бул макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ичкимамлекеттик жол жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө акыркыбилдирүүнү алышкан күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу Тараптардын бири бул Макулдашуунун иш-аракетин ток-тотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптан жазуу жүзүндө билдирме алган күндөнтартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө калат. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүү-лөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажыра-гыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет. Бул Макулдашуунун колдонулушунун аякташы, эгерде Тараптар башкаларжөнүндө макулдашкан эмес болсо, анын колдонулушу бүткөнгө чейин баштал-ган, бирок бүтө элек, ага ылайык жүргүзүлүп жаткан иштерге таасиринтийгизбейт. 200__жылы _____________ шаарында эки нускада ар бири кыргыз, казакжана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык текст бирдей күчкө ээ. БулМакулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо орус ти-линдеги текст колдонулат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн