Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-июлу № 336-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык кумшекердин сактоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуумамлекеттик резервдеги кумшекерди жањылоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белги-ленген тартипте: - мамлекеттик резервден 412,759 тонна көлөмүндөгү кумшекерди брон-дон чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополиягакаршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикбелгилеген баа боюнча сатсын; - түшкөн акча каражатын 2008-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттөмамлекеттик резервдеги кумшекердин ордун толуктоого белгиленген тартип-те жумшасын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик 5 күндүкмөөнөттө кумшекерге бааны белгилесин. 3. Бюджеттик уюмдар "Тамак-аш" статьясы боюнча 2008-жылга респуб-ликалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен мамлекеттик резервденалынган кант үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттиксатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикменен эсептешүүлөрдү жүргүзүшсүн. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов