Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-июлу № 124 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2006-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 489-ст.)төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 12-статьяда: биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Транспорт каражаттары эл аралык жана мамлекеттик стандарттар жанатехникалык шарттар менен белгиленүүчү коопсуздук талаптарына, медицина-лык-санитардык ченемдерге, эмгекти коргоо жана экология ченемдеринеылайык келүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте катталууга тийиш."; экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү алып салынсын. 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев