Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2009-жылдын 12-сентябры № 513-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 705-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Мамлекеттик органдарга тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө карата сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топтордун курамдарын бекитсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 705-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Түзүлгөн жумушчу топтордун ишине жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзөөрү белгиленсин.
3. 2010-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө ушул буйруктун тиркемесинде аталган мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө нормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштерди бүтүрүшсүн жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 705-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Тиешелүү мыйзам долбоорлорду өз убагында сапаттуу иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү үчүн жеке жоопкерчилик жумушчу топторду түзүүгө жооптуу мамлекеттик органдардын статс-катчыларына, ал эми статс-катчынын кызмат орду жок органдарда - жетекчилердин биринчи орун басарларына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| И.Чудинов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 513-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү бөлүгүндө өркүндөтүүгө карата сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топтордун ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 705-б буйругунун редакциясына ылайык)
№ | Жумушчу топтордун аталыштары | Жумушчу топтун түзүлүшүнө жооптуу орган | Өкүлдөрү жумушчу топтордун курамдарына киргизилүүгө тийиш болгон уюмдардын аталыштары |
1 | Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
2 | Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
3 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансы полициясы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Жусуп Баласагын атындагы кыргыз университети Кыргыз-Орус (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
4 | Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратура (макулдауу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансы полициясы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Жусуп Баласагын атындагы кыргыз университети Кыргыз-Орус (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
5 | Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
6 | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
7 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министрлигиКыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги (макулдашуу боюнча) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
8 | Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
9 | Кыргыз Республикасынын Жер кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигиКыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлигиКыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министрлиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
10 | Кыргыз Республикасынын Токой кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматыКыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министрлиги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
11 | Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
12 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгын кызматы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
13 | Кыргыз Республикасынын Аба кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Чек-ара кызматыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
14 | Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Чек-ара кызматы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
15 | Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча) Кыргызстандын Профсоюздар федерациясы (макулдашуу боюнча) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
16 | Кыргыз Республикасынын Суу кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
17 | Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин өркүндөтүү боюнча | Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маданият мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз-Россия (Славян) университети (макулдашуу боюнча) Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
|
Н.Айтмурзаев |