Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-сентябры № 477-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосунун (ЖПКТ) жана башка зоо-ноздордун инфекциясынын калкка коркунучун азайтуу, адамдардын жана жа-ныбарлардын арасында тумоонун пандемиясына жана башка инфекциялык оору-ларга каршы даярдык, күрөшүү жана тийиштүү чараларды көрүү максатында: 1. "Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдыкжана чара көрүү" долбоорун гранттык каржылоого (Грант N ТF091994 жанаГрант № ТF091995) тиешелүү Макулдашуу-Катта айтылган шарттар жактырыл-сын. 2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Макулдашуу-Катка колкоюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов