Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-сентябры № 489-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Индия Республика-сынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Аскердик билим берүү жаатындакызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмесмүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү мененмакулдук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Индия Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Аскердик билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары бирге Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Кор-гоо министрлиги, мындан ары "Жөнөтүүчү тарап", жана Индия Республикасы-нын Коргоо министрлиги, мындан ары "Кабыл алуучу тарап", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтү-нүн ортосундагы 1997-жылдын 16-майындагы Аскердик-техникалык кызматташ-тык жаатындагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун жоболорун эскеалып, Кыргыз Республикасынын жана Индия Республикасынын ортосундагы ас-кердик билим берүү жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү ниетинде, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Аныктамалар Ушул Макулдашуунун максатында төмөнкү аныктамалар колдонулду: Жөнөтүүчү Тарап - аскер кызматчыларын аскердик билим алуу үчүн жө-нөтүүчү тарапты билдирет. Кабыл алуучу Тарап - ушул Макулдашуунун мөөнөтүнө жана шарттарынаылайык, аскердик билим алуу үчүн Жөнөтүүчү Тараптын аскер кызматчыларынкабыл алуучу тарапты билдирет. Аскер кызматчылары - Кабыл алуучу Тараптын чакыруусунун негизиндеаскердик билим алуу үчүн Кабыл алуучу Тараптын аймагына келген Жөнөтүү-чү Тараптын офицердик курамы жана курсанттары. 2-берене. Жалпы жоболор 1. Ушул макулдашуу Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу жайларындааскер кызматчылардын окутуу шарттарын жана тартибин белгилейт. 2. Аскер жаатында кызматташуу Тараптардын кызыкчылыктарына жанамуктаждыктарына ылайык ишке ашырылышы керек. 3-берене. Аскер кызматчыларына болгон талаптар 3. Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу жайларына окууга жиберилчүЖөнөтүүчү Тараптын аскер кызматчылары англис тилин билиши жана Кабылалуучу Тараптын чакыруусунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши ке-рек. 4-берене. Аскердик билим берүүнү уюштуруу 4. Окутуу Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу жайларында кабылалынган окуу пландарында жана программаларында каралган адистиктер бо-юнча жана мөөнөттө англис тилинде жүргүзүлөт. 5. Аскер кызматчыларынын практикалык көндүмдөрү аскер даярдыгы бо-юнча сабактардын программаларына ылайык иштелет. Жөнөтүүчү Тараптын ас-кер кызматчылары Кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчылары менен биргепрактикалык сабактарга катышат. 6. Аскердик окууну бүткөн аскер кызматчылары Кабыл алуучу Тарапбелгилеген процедураларга ылайык, эки тарап тарабынан таанылчу дипломжана төш белги алышат. 5-берене. Кабыл алуучу Тараптын укуктары жана милдеттери Кабыл алуучу Тарап: 7. Берилүүчү орундун саны жана кандидаттарга коюлган талаптар жө-нүндө окуу башталганга чейин алты айдан кем эмес мурдатан Жөнөтүүчү Та-рапка кабарлайт. 8. Аскердик окуудан өтүү үчүн чакырууда көрсөтүлгөн санда аскеркызматчыларын кабыл алат. 9. Аскердик окуу жайлардын окуу программаларына жана пландарынаылайык аскердик окууну уюштурат жана ишке ашырат. 10. Аскер кызматчыларына төмөнкүлөрдү бекер берет: - окутууну; - тамак-аш жана жашаган жерди; - окуу куралдарды жана адабияттарды; - зарыл болгондо медициналык тейлөөнү. 11. Кабыл алуучу тараптын аскер кызматчылары үчүн белгиленген өл-чөмдө күнүмдүк чыгымдарга акчалай үлүштү аскер кызматчыларына төлөөнүкамсыздайт. 12. Теориялык жана практикалык сабактардын убагында аскер кызмат-чыларын тиешелүү форма кийим менен камсыздайт. Мында аскер формасындаЖөнөтүүчү Тараптын улуттук айырмалоо белгилери болушу керек. 13. Окуу программаларын аткарбаган же ден соолугунун абалы же тар-тип бузганы боюнча андан ары окууга жарамсыз деп табылган Жөнөтүүчү Та-раптын аскер кызматчыларын Кабыл алуучу Тараптын окуу жайларынан чыга-рат жана мекенине жөнөтөт. Мында Кабыл алуучу Тарап Жөнөтүүчү Тараптыкабыл алынган чечими жөнүндө кабарлайт. 14. Жөнөтүүчү тарапка Жөнөтүүчү тараптын аскер кызматчыларын өткөнокуу жылдагы окутуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды жыл сайын берет. 15. Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчыларынын Кабыл алуучу Тараптынаскер окуу жайына өткөндө окучу жерге барууга жана бүтүргөндө кетүүгөчыгымдарын камсыз кылып берет. 16. Аскер кызматчыларына каникулдук өргүү берет, мында ЖөнөтүүчүТарап жашаган жерине жеткенге жана кайра келгенге жол чыгымдарын жылынабир жолу төлөп берет. Үй-бүлөлүк шарты боюнча кыска мөөнөттүү өргүү ас-кер кызматчылары тарабынан төлөнөт. 17. Аскердик окуу жайларда аскер кызматчылардын окуусу менен бай-ланышпаган жана окуп-үйрөнүүчүлөрдүн милдеттерин аткаруу алкагынан чык-кан тапшырмаларды аткарууга аскер кызматчыларды тартпайт. 18. Аскер кызматчынын Кабыл алуучу Тараптын аймаганда өлгөнүнө(курман болгонуна) же майып болушуна себеп болгон бардык маалыматтардыЖөнөтүүчү Тарапка берет, ошондой эле сөөктү Жөнөтүүчү Тараптын аймагынаакысыз жөнөтүү үчүн бардык чараларды көрөт. 6-берене. Жөнөтүүчү Тараптын укуктары жана милдеттери Жөнөтүүчү тарап: 19. Кабыл алуучу Тараптын талаптарына ылайык кандидаттарды тан-дайт. Мында аскер кызматчыларынын саны Кабыл алуучу Тарап сунуш кылганорундарга жана Жөнөтүүчү Тараптын ушул Макулдашуунун 5-статьянын16-пунктун ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталат. 20. Кабыл алуучу Тарап талап кылган аскер кызматчыларынын тизмесинжана башка документтердин көчүрмөсүн Кабыл алуучу Тарапка окуу баштал-ганга чейин бир ай мурдатан кечиктирбестен берет. 21. Визалык көмөк үчүн керектүү документтер менен аскер кызматчы-ларын камсыз кылат. 22. Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу жайларында окуу мезгилиндеаскер кызматчыларын төмөнкүлөргө милдеттүү кылат: - Кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын сактоого жанакаада-салтын сыйлоого; - окуу жайында кабыл алынган тартип эрежелерин сактоого; - окуу менен байланышпаган бардык башка иштерден алыс болууга. 7-берене. Жашырын сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу 23. Жөнөтүүчү Тараптын аскер кызматчылары Кабыл алуучу Тараптынжашырын сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча эре-желерин сактоого милдеттүү. Алар окуу убагында же ушул Макулдашуунуналкагында алынып жаткан кандайдыр бир жашырын сырды, алардын КуралдууКүчтөрүнүн тиешелүү уруксаты бар аскер кызматчыларынан же зарыл болгонкоопсуздук чараларды аткаргандан кийин гана бул маалымат ушул Макулда-шууну аткаруу үчүн зарыл болгон адамдардан башка адамдарга ачпашы ке-рек. 8-берене. Зыян келтирүүнүн юрисдикциясы жана компенсациясы 24. Мүлккө зыян келтирүүнүн юрисдикциясынын жана компенсациясынынмаселелери боюнча Тараптар төмөнкү принциптерди жетекчилик алышат: - аскер кызматчы тарабынан укук бузуу жасалганда, ал Жөнөтүүчү Та-раптын улуттук мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат; - эгерде Кабыл алуучу Тараптын мүлкүнө окуп жаткан аскер кызматчы-нын күнөөсү боюнча зыян келтирилсе же жоголуп кетсе Жөнөтүүчү Тарапошол мүлктүн ордун толтуруу үчүн зарыл болгон сумманы төлөп берет. 9-берене. Талаш маселелерди чечүү 25. Ушул макулдашууну ишке ашырууда Тараптар ортосунда пайда бол-гон ар кандай маселелер Тараптар ортосунда эки тараптуу кењешүү жолуменен чечилиши керек. 26. Талаш маселелер пайда болгондо Тараптар талаш маселеге тиеше-лүү жоболордон сырткары ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууну улантышыкерек. 10-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 27. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзүн-чө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизи-лиши мүмкүн. 11-берене. Жыйынтыктоочу жоболор 28. Бул Макулдашуу кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. 29. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлдү жана тиешелүү мез-гилдин бүтүшүнө чейин алты айдан кем эмес убакта Тараптардын бирөөсүдагы бул Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуужазуу жүзүндө башка Тарапты кабарлабаса кийинки бир жылдык мезгилге ав-томаттык түрдө узартылат. 30. Тараптардын өлкөсүндө "өзгөчө кырдаал" жарыяланганда кайсы Та-рап болсо да бул Макулдашуунун аракетин токтото алат. 31. Макулдашуу _____________ шаарында 200__-жылдын"_____"_________________, ар бири кыргыз, хинди, орус жана англис тил-дериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.Ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келишпестиктер болгонучурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Индия Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Коргоо министрлиги үчүн