Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 6-майы № 184-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б буйругунун редакциясына ылайык) Республиканын аз камсыз үй-бүлөлөрүн ун менен өздүк наркы боюнча,мүшөк таранын жана транспорттук чыгымдардын наркын эске алуу менен кам-сыздоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-лиги аз камсыз үй-бүлөлөрдүн санын 2008-жылга карата республиканын рай-ондору боюнча бир аптанын ичинде аныктасын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдербоюнча мамлекеттик агенттикке, облустардын, райондордун мамлекеттик ад-министрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына маалыматтарды(разнарядка) берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик: - мамлекеттик резервден 2500 тонна аштык буудайдын данын брондончыгарсын; - мамлекеттик резервден брондон чыккан 2500 тонна аштык буудайдынданын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы№ 379-б буйругу боюнча брондон чыгарылган аштык буудайдын калдыгынантартылган ундун эсебинен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкөнүктүрүү министрлигинин тизмелери боюнча бир үй-бүлөгө 25 кг эсепте уноблустарга, райондорго, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жеткири-лишин камсыздасын; - унду жеткирүү үчүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү мам-лекеттик сатып алууну ишке ашырсын; - унду сатуудан алынган каражат республикалык бюджеттин кирешесинечегерилсин; - мамлекеттик резервден брондон чыгарылган эгинден тартылчу ундунсапатын контролдосун. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б буйругунун ре-дакциясына ылайык) 3. Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясатжана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруккаылайык берилчү ундун баасын өздүк наркынын дењгээлинде, мүшөк таранынбаасын жана райондук борборлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары-на чейин жеткирүүгө транспорттук чыгымдарды эске алуу менен белгилесин. 4. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары,Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары: - ундун сакталышын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын тийиштүү түзүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-алдык өнүктүрүү министрлигинин разнарядкасы боюнча берилишин камсызда-сын, ал эми унду сатуудан алынган акча каражатты Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдербоюнча мамлекеттик агенттикке которсун; - зарыл болсо разнарядкага жараша келген унду Кыргыз Республикасы-нын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен макулдашуу боюнчаунга муктаж адамдарга жењилдиктүү баа боюнча бөлүштүрсүн; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Респуб-ликасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сатылган ундунсаны жана аны сатуудан алынган акча каражат жөнүндө апта сайын маалыматберсин. 5. Унду сатуудан алынган акча каражатты республикалык бюджеттинкирешесине өз убагында жана толук которуу үчүн жеке жоопкерчилик КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана мате-риалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна, облустар-дын жана райондордун мамлекеттик администрация башчыларына, Бишкек жанаОш шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - унду облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары-на, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жеткирүүнү уюштуруу үчүнКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жанаматериалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке 2008-жылга каратабекитилген бюджеттин чегинде керектүү акча каражат бөлсүн; - унду сатуудан түшкөн каражат "2008-жылга республикалык бюджетжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруништеп чыгууда республикалык бюджеттин киреше жана сарптоо бөлүктөрүндөэске алынсын. 7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика, соода, ту-ризм жана ишкердик бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана реги-ондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов