Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 6-майы № 185-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-январындагы №30 буйругуна ылайык: 1. Төмөнкүлөр өткөрүп берилсин: - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансынан КыргызРеспубликасынын Сот департаментинин балансына: Баткен облусу, Баткен шаары, Сыдыков көчөсү н/ж дареги боюнча жай-гашкан Баткен шаардык аскер комиссариатынын имараты; Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев атындагы кече, 28дареги боюнча жайгашкан Жалал-Абад облустук аскер комиссариатынын има-раты; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин балансынанКыргыз Республикасынын Сот департаментинин балансына Талас облусу, Та-лас шаары, Ленин көчөсү, 370 дареги боюнча жайгашкан Талас аймактыккурчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын имараты. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алууну-өткөрүпберүүнү жүргүзсүн; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынанадминистрациялык имараттарды пайдалануу боюнча топтомо реестрге өзгөр-түүлөрдү киргизсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов