Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 21-ноябры № 605-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы N
369 Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында
гендердик тењдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын ишке
ашыруу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы дек-
ларациясы кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгын майрамдоонун алкагында:
1. 2008-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин "Аялдарга карата
зомбулукка каршы аракеттенүүнүн 16 күндүгү" деген ар жылдык маалыматтык
кампания өткөрүлсүн.
2. Тиркелген: "Аялдарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүнүн 16
күндүгү" маалыматтык кампаниясын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мын-
дан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдары:
- Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын;
- аялдарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүгө арналган иш-чара-
ларды өткөрүүнүн жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырыш-
сын;
- 2008-жылдын 25-декабрына карата маалыматтык кампания өткөрүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-
ратына беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына жана
башка телерадиокомпанияларга республиканын бардык региондорунда "Аял-
дарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүнүн 16 күндүгү" маалыматтык
кампаниясын өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
5. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 21-ноябрындагы
N 605-б буйругу менен
бекитилген
"Аялдарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүнүн
16 күндүгү" маалыматтык кампаниясын өткөрүү боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
-----------------------------------------------------------------------
| N| Иш-чаралардын аталышы |Аткаруу мөөнөтү| Жооптуу аткаруучулар |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|1 |"Аялдарга карата зомбулукка|2008-жылдын |Кыргыз Республикасынын|
| |каршы аракеттенүүнүн 16 |25-ноябры |Өкмөтүнүн Аппаратынын |
| |күндүгү" | |социалдык өнүктүрүү |
| |пресс-конференциясын | |бөлүмү эл аралык |
| |өткөрүү | |уюмдар менен бирдикте |
| | | |(макулдашуу боюнча) |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|2 |Гендердик тењдештикке |2008-жылдын |Билиммин, |
| |жетишүү темасында аялдарга |25-ноябрь- |Маданиятмаалыммин, |
| |карата зомбулукту болтурбоо|10-декабры |ИИМ, Эмгексоцмин, |
| |маселелери боюнча "тегерек | |Миграциямамком, |
| |столдорду", семинарларды, | |Мамкесиптех, ДСМА, |
| |дискуссияларды өткөрүү | |облустардын |
| | | |мамадминистрациялары, |
| | | |Бишкек, Ош шаарларынын|
| | | |мэриялары, коомдук |
| | | |жана эл аралык уюмдар |
| | | |(макулдашуу боюнча) |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|3 |Аялдарга карата зомбулукка |2008-жылдын |Билиммин, |
| |каршы күрөшүүнүн эл аралык |25-ноябрь- |Маданиятмаалыммин, |
| |күнүнө жана Адам |10-декабры |Мамкесиптех, |
| |укуктарынын эл аралык | |облустардын |
| |күнүнө арналган | |мамадминистрациялары, |
| |көргөзмөлөрдү, мектептик | |Бишкек, Ош |
| |жана студенттик иштерге | |шаарларынын мэриялары |
| |сынактарды өткөрүү | | |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|4 |Аялдарга карата зомбулукту |2008-жылдын |Билиммин, ИИМ, |
| |түп тамырынан жок кылуу |25-ноябрь- |Миграциямамком, |
| |маселелери (кыз ала качуу, |10-декабры |Мамкесиптех, ДСМА, |
| |үй-бүлөдөгү зомбулук, | |коомдук жана эл |
| |аялдарды сатууга каршы | |аралык уюмдар |
| |күрөшүү) боюнча | |(макулдашуу боюнча) |
| |лекцияларды, студенттик | | |
| |илимий-практикалык | | |
| |конференцияларды өткөрүү | | |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|5 |Аялдарга карата зомбулукту |2008-жылдын |Билиммин, Мамкесиптех,|
| |болтурбоого багытталган |25-ноябрь- |коомдук жана эл аралык|
| |класстык сааттарды жана |10-декабры |уюмдар (макулдашуу |
| |класстан тышкаркы | |боюнча) |
| |иш-чараларды өткөрүү | | |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|6 |Калктын социалдык-аялуу |2008-жылдын |Министрликтер, |
| |категорияларындагы аялдарга|25-ноябрь- |мамкомитеттер, |
| |жардам көрсөтүүнү караган |10-декабры |ведомстволор, |
| |кайрымдуулук иш-чараларын | |облустардын |
| |өткөрүү | |мамадминистрациялары, |
| | | |Бишкек, Ош шаарларынын|
| | | |мэриялары, коомдук |
| | | |жана эл аралык уюмдар |
| | | |(макулдашуу боюнча) |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|7 |Үй-бүлөдө зомбулуктан жабыр|2008-жылдын |ИИМ, Билиммин, |
| |тарткан адамдарды |25-ноябрь- |Маданиятмаалыммин, |
| |социалдык-укуктук жактан |10-декабры |Эмгексоцмин, |
| |коргоо жөнүндө калкка | |Мамкесиптех, ДСМА, |
| |маалымдоо ("Үй-бүлөдөгү | |облустардын |
| |зомбулуктан социалдык | |мамадминистрациялары, |
| |укуктук коргоо жөнүндө" | |Бишкек, Ош шаарларынын|
| |Кыргыз Республикасынын | |мэриялары, коомдук |
| |Мыйзамынын нормалары) | |жана эл аралык уюмдар |
| | | |(макулдашуу боюнча) |
|--|---------------------------|---------------|----------------------|
|8 |Телекөрсөтүүдөн жана |2008-жылдын |Маданиятмаалыммин, |
| |радиодон аялдардын |25-ноябрь- |УТРК (макулдашуу |
| |укуктарын коргоо |10-декабры |боюнча), "ЭлТР - |
| |маселелерине арналган | |коомдук телекөрсөтүү" |
| |атайын программаларды | |телерадио компаниясы |
| |чыгаруу | |(макулдашуу боюнча) |
-----------------------------------------------------------------------