Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-ноябры № 619-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Тамеки рыногундагы чекене баага мониторинг жүргүзүүнүн сапатынжакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 5-апрелиндеги № 194-б буйругу менен түзүлгөн Тамеки буюмда-рына орточо рыноктук бааларды ай сайын аныктоо жана мониторинг жүргүзүүбоюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин көњүлгө алуу менен: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги N194-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - аталган буйрук менен бекитилген Тамеки буюмдарына орточо рынок-тук бааларды ай сайын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ведомст-волор аралык комиссиянын иши жөнүндө жободо: - 17-пункттагы "кесилген акциз маркаларына заказ берүүдө 100000куту сигарет өлчөмүндө жана кесилбеген акциз маркаларына заказ берүүдө104000 куту сигарет" деген сөздөр жана сандар "кесилген жана кесилбегенакциз маркаларына заказ берүүдө 210000 куту сигарет" деген сөздөргө жа-на сандарга алмаштырылсын. 2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов