Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-ноябры № 618-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын22-статьясына ылайык жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо макса-тында: 1. Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун көрсөтүлгөн участогунреабилитациялоо боюнча иштер аяктаганга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт ав-томобиль жолунун 103-километринен 117-километрине чейинки участоктотранспорт каражатынын кыймылына 2008-жылдын 1-декабрынан тартып чектөөкиргизилсин. 2. Чоњ сыйымдуулуктагы жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттункыймылы Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 103-километринен117-километрине чейин эки тараптан тењ Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок автомо-биль жолу аркылуу жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2008-жылдын 1-де-кабрынан тартып Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 103-километри-нен 117-километрине чейинки участогун реабилитациялоо боюнча иштер аяк-таганга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 103-километринежана 117-километрине постторду орнотсун. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги: Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 108-115-километрининучастогундагы жолдун абалына ай сайын мониторинг жүргүзсүн; - Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок автожолун жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуз-дук талаптарына жооп берүүчү абалга келтирүү боюнча (жол белгилерин ко-юу жана жол тосмолорун орнотуу, жол чийиндерин сызуу ж.б.) чаралардынкомплексин ишке ашырсын. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы N378-б буйругу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-октябрындагы N665-б буйругу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-октябрындагы N448-б буйругу. 6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов