Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-сентябры № 517-б
Бишкек шаарында "Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо, Фаза 1" долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, делегациянын жетекчиси;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегациянын жетекчисинин орун басары;
Керимова Н.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Ормонов У.З. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Ахматов С.М. - - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Стратегиялык жардамдар башкармалыгынын начальниги;
Байгончоков М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |