Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 18-декабры № 665-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Борборазиялык кызматташтык жана өнүктүрүү банкы" жабык акционер-
дик коомунун ишмердиги жана аны жоюу менен байланышкан маселелерди
чечүү үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жумушчу комиссиянын төрага-
сы.
Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынын
орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу
кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору (макулдашуу боюн-
ча).
2. Жумушчу комиссия 30 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү сунуштарды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы №
484-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов