Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 26-июлу № 130
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралу
1-статья
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
"Баалуу кагаздар менен болгон операцияларга шек келтирген администрациялык укук бузуулар" деген 24-глава төмөнкү мазмундагы 337-1-статья менен толукталсын:
"337-1-статья. Дивиденддерди төлөп берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу
Акционердик коомдун дивиденддерди төлөп берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу же аларды төлөп бербей коюусу -
кызмат адамына жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү: Ушул статьяда акционердик коомдун аткаруу органынын жетекчиси кызмат адамы деп табылат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2006-жылдын 2-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |