КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-августу № 242
Н. Ашымов жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ашымов Нурмамат Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |