Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-июлу № 131
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4,
183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Жеке жак, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдеринин
талаптарына ылайык, ишкердик кылуу укугун аты-жөнүн камтыган өзүнүн
атына гана алат жана жүзөгө ашырат. Ишкердин ишин жекечелештирүүнү жеке
жак өзүнүн атын товардык белги катары каттатуу жолу менен жүзөгө ашыра
алат.";
4-статьянын бешинчи жана алтынчы бөлүктөрү тиешелүү түрдө алтынчы
жана жетинчи бөлүктөр деп эсептелсин.
2. 5-статьяда:
1-пункттагы "чет өлкөлүк" деген сөздөр алып салынсын;
5-пункттагы "Кыргыз Республикасында" деген сөз "Кыргызпатент" де-
ген сөз менен алмаштырылсын;
6-пункт алып салынсын;
7-16-пункттар тиешелүү түрдө 6-15-пункттар деп эсептелсин;
6-пунктта "ээлик кылуучулардын" деген сөздөрдөн кийин "жалпыга
белгилүү товардык белгилер" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында
көрсөтүлгөн фирмалык аталыш менен алмашып кетүү даражасына чейин окшош
белгилемени ишмердүүлүктүн окшош түрлөрүнө карата каттоого ушундай фир-
малык аталыштын ээси ушул белгилемени каттоого уруксат берген шартта
гана жол берилет.".
3. 7-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Табыштама жана табыштамага тиркелүүчү документтер мамлекеттик же
расмий тилде берилет.";
үчүнчү-алтынчы бөлүктөр тиешелүү түрдө төртүнчү-жетинчи бөлүктөр
деп эсептелсин;
бешинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
" - талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн статистикалык каттоо картасынын
көчүрмөсү.".
4. 9-статьяда:
биринчи бөлүк "он беш" деген сөздөн кийин "жумуш" деген сөз менен
толукталсын;
экинчи бөлүктө "10 күндүк мөөнөт ичинде" деген сөздөр "10 жумуш
күнүнүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин берилген табыштамачынын
өтүнмөсү боюнча жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн
шартта суроо-талапка жооп берүү мөөнөтү эки айга узартылышы мүмкүн.";
бешинчи бөлүк "чакырылган болуп эсептелет" деген сөздөрдөн кийин
"жана бул жөнүндө табыштамачыга кабар берилет" деген сөздөр менен то-
лукталсын.
5. 11-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде ал боюнча оњ чечим чыгып калган фирмалык аталыш менен
тењдеш же алмашып кетүү мүмкүнчүлүгүнө чейин окшош товардык белгиге ка-
рата табыштама конвенциялык же көрсөтмө артыкчылыгы менен түшүп, ал бо-
юнча товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыгарылып калса, анда фирма-
лык аталышка чыгып калган чечим жокко чыгарылат.".
6. 13-статьяда:
биринчи бөлүк "5-статьясынын" деген сөздөн кийин "жана 26-стать-
ясынын" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү бөлүктөгү "катталган" деген сөз "табышталган" деген сөз
менен алмаштырылсын.
7. 14-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Табыштамачынын күнөөсү жок кетирилген көрүнөө жана техникалык ка-
талардын оњдоосун Кыргызпатент реестрге жана фирмалык аталыштын
күбөлүгүнө алым төлөтпөстөн киргизет.";
төртүнчү бөлүк бешинчи бөлүк деп эсептелсин.
8. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Кечиктирилген мөөнөттү калыбына келтирүү
Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралгандай, табыш-
тамачы өткөрүп жиберген мөөнөттөр табыштамачынын бул мөөнөттөр
бүткөндөн кийин бир айдан кеч эмес, ал эми ушул Мыйзамдын 13-статьясы-
нын экинчи бөлүгүндө жана 14-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган
мөөнөттөр алар бүткөндөн кийин үч айдан кеч эмес берген өтүнмө боюнча,
эгерде жүйөлүү себептер тастыкталса жана алым төлөнгөн шартта Кыргызпа-
тент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.".
9. 19-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фирмалык аталышка карата өзгөчө укук фирмалык аталыштын каттал-
гандыгы жөнүндө маалыматтар Кыргызпатент чыгаруучу расмий бюллетенде
жарыяланган күндөн тартып келип чыгат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Лицензиялык келишим Кыргызпатентте катталышы мүмкүн жана ал кат-
талган күндөн тартып күчүнө кирет. Келишимди каттаткандыгы үчүн тие-
шелүү алым төлөтүлөт.".
10. 20-статьяда:
статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ошондой эле юридикалык жактын корголуучу фирмалык аталышка карата
өзгөчө укугун бузуу болуп аны менен тењдеш же окшош аталышты Интернет
түйүнүндө дарек катары санкциясыз пайдалануу саналат. Фирмалык аталышты
же аны менен алмаштырып алуу даражасына чейин окшош белгилемени Интер-
нет түйүнүндө дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
экинчи бөлүк үчүнчү бөлүк деп эсептелсин.
11. 21-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен
толукталсын:
" - фирмалык аталышты Интернет түйүнүндө дарек катары колдонуу.".
12. 26-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Юридикалык жактардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай
катталган фирмалык аталыштары ишмердүүлүктүн тењдеш же окшош түрлөрүнө
карата укуктук коргоого ээ болушат. Мындай фирмалык аталыштарга карата
өзгөчө укук (ээлик кылуу, фирмалык аталышты пайдалануу жана тескөө,
ошондой эле аны башка жактардын пайдалануусуна тыюу салуу) айырмалоочу
белгилемелерди кошуу шартында пайда болушу мүмкүн.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын минист-
рликтеринин жана башка мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук акты-
лары ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам ал күчүнө кирген күндөн тартып келип чыккан укуктук
мамилелерге карата колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев