Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-сентябры № 257
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10 жана 78-беренелерине ылайык, Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын баштапкы ячейкасынын Джураев Мурат Каттабековичти Кыргызстандын социал-демократтар партиясына мүчөлүгүн токтотуу жөнүндө 2009-жылдын 1-сентябрындагы жыйналышынын берилген протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КСДПдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джураев Мурат Каттабековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |