Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-октябры № 260
Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ж.М.Исаковдун берген жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 1-жана 5-пункттарына, 16-беренесинин 3-пункттуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочулардын чогулушунан көрсөтүлгөн Исаков Жаныбек Маматович Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
(Негизи: жеке арызы)
2. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылынын шайлоочуларынын чогулушунан көрсөтүлгөн Мадалиев Акжол Абдуваитович Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына киргизилсин.
3. Бул токтом Баткен облустук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |