Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-октябры № 262
Талас шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 2-октябрындагы № 178 Буйругуна ылайык, 2009-жылдын 8-октябрында Талас шаарынын мэрин шайлоону уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы:
-Касымбеков К. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү;
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Жусупбеков Ж. - Талас облустук шайлоо комиссиясынын торагасы;
-Акмат кызы М. - Талас облустук шайлоо комиссиясынын катчысы.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |