КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-октябры №263
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Републикасынын Кодексинин 10 жана 78-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө Сакебаев Советбек Абдышевичтин жазуу жүзүндө жазган арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ак Жол Элдик партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2.Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |