Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-октябры № 265
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай поселкалык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай поселкалык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 5-октябрындагы №365 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 2-нунктчасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Кол облусунун Тоң районунун Кажы-Сай поселкалык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 312800 (үч жүз он эки миң сегиз жүз) сом суммасында чыгымдардын сметасы бекитилсин (тиркелет).
2. Финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (Б. Салыкбаева) беитилген сметага ылайык финансылоону жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |