Редакцияот 09.11.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 9-ноябры № 266

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү боюнча комиссияны түзүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоону 2009-жылдын 11-ноябрына дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 258 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Комиссиянын төрагасы:

Бекматов А.Г. - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Ашимов Н.А. - Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы;

Турдубаева Б.М. - Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын катчысы.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский