Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-ноябры № 267
Чүй облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 1- жана 5-пункттарына, 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Биринчи май айылынын Мичурин көчөсүнүн шайлоочуларынын чогулушунан көрсөтүлгөн Керимов Эмилбек Аджимидинович Чүй облустук шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын (каза болгондугуна байланыштуу).
2. Чүй облустук шайлоо комиссиясынын курамына резервден, шайлоочулардын чогулушунан көрсөтүлгөн Асылбеков Элмир Сатымкулович киргизилсин.
3. Бул токтом Чүй облустук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |