Редакцияот 09.11.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 9-ноябры № 268

2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын текшерүү (аудит) боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун отчету жөнүндө

2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын текшерүү (аудит) боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун отчетун угуп, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 50-52-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын текшерүү (аудит) боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун отчету бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун отчету Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жайгаштырылсын.

 

Төрага

Д.Лисовский