КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-ноябры № 271
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан талапкерлердин тизмесинен шайлангандан кийинки № 23 Скрипкина Галина Анатольевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2. Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Скрипкина Галина Анатольевнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |