Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-ноябры № 272
Ош облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 1- жана 5-пункттарына, 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ак Жол элдик партиясы" саясый партиясынан көрсөтүлгөн Наватова Айгүл Жаңыбаевна өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө берген арызынын негизинде Ош облустук шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
2. Улуттук байланыш агенттигинин Түштүк аймактык башкармалыгынын шайлоочуларынын чогулушунан көрсөтүлгөн Бообекова Алмакан Сулаймановна резервден, Ош облустук шайлоо комиссиясынын курамына киргизилсин.
3. Бул токтом Ош облустук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |